Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Т. ТУРГУНАЛИЕВ: "ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮН БАШТОО МЫЙЗАМГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ"


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Бир жылдан соң болуучу парламенттик шайлоого карата оппозиция кандай аракеттерди көрүүдө. Бийлик менен оппозицияны бири-бирине каршы коюп, эл ичине бүлүк салып жаткандар кимдер? Ушул жана башка суроолорго «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев жооп берет.

- Топчубек мырза парламенттик шайлоого бир жыл калды. Шайлоого карата оппозиция тараптын аракети кандай болуп атат?

- Менин оюмча, жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоолорго карата үч топтогу эң олуттуу маселелер бар. Биринчиден, жергиликтүү, парламенттик, бөтөнчө президенттик шайлоо адилеттүү демократиялык нукта өтөбү? Кыскача айтканда, биринчи топтогу маселелер ушул шайлоону адилеттүү жана демократиялык түрдө өткөрүү. Экинчиси, шайлоого карата демократиялык, өзгөчө оппозициялык күчтөрдүн бүт баардыгы, же болбосо басымдуу көпчүлүгү биригип кетүү. Ушул жолго биз түштүк. Алты партия бир шайлоо блогуна кирдик. Башка партиялар, блоктор менен дагы биз кызматташабыз деп жатабыз.

- Топчубек мырза, сөзүңүзгө аралжы, 3-марттагы жыйында оппозициялык партиялардын лидерлери алдыдагы шайлоолорго карата аракеттерди баштайлы деген бүтүмгө келдик деп атасыздар. Өткөндө эле ушул блок түзгөндө бийлик оппозиция тарапты айыптап чыкты эле, шайлоого эмитен эрте даярдыктарды көрө баштады, эрте аракет кыла баштады деп.

- Биринчиден, шайлоолорго, өзгөчө президенттик шайлоого аракетти Аскар Акаев өзү баштаган. Эсиңизде бекен өткөн жылы 27-сентябрда ишкерлердин курултайында президиумда отуруп "урматтуу Аскар Акаевич, сиз жок болсоңуз биздин көрөр күнүбүз бүтөт, сиз 2010-жылга чейин отуруп бериңиз" дегенде дагы кыңк деп эч нерсе айтпай, ушунчалык ыраазы болуп күлүп-жайнап отурган. Парламенттин 80 пайызына чейин алабыз деп бүт баардыгы буларга тымызындан иштеп атат. Ошол эле Акаевдин үй-бүлөсүнө түздөн-түз тиешеси бар 5-6 партия бар. "Алга, Кыргызстан" дейбизби. Демек, алар биригип шайлоолорго даярдана баштады. Шайлоолорго даярдыкты эрте ким баштаган? Биз эмес. Биз кеч баштап атабыз.

- Сиздер дагы шайлоого карата аракеттерди баштадык дедиңиздер. Бирок шайлоого карата аракеттер башталганда, же болбосо кандайдыр бир аракеттердин алдында сөзсүз түрдө оппозициянын арасында бөлүнүп-жарылуу, жиктелүү пайда болот. Ошондой эле аймактарга бөлүнүүчүлүк байкалып атат. Мына ушулар боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Бөлүнүп-жарылуу боюнча оппозициянын ичиндеги ар кандай топтор бар. Биринчи тобу ал эң бир туруктуу топ деп эсептелет. Экинчиси оома топ. Үчүнчүсү атайлап кирип ичтен ирите турган топ. Алар мурдатан бизге белгилүү. Демек, бийлик ошолордун жардамы менен оппозициялык күчтөрдүн ичине дайыма чок салып, ыдыратып, бийликке кызмат кылгандарды пайдаланып келет. Ал эми жердештик, уруучулукту, трайбализмди күчөткөн дагы биринчи Акаев жана анын жүргүзгөн саясаты болууда. Дегеле Акаевдердин азыркы эң чоң куралы - трайбализм. Жалпы элибиз бөлүнүп-жарылбайт.

- Бүгүнкү күндө Ленин райондук сотунда Ганси аба майданына кол салууга даярдык көрүшкөн деп айыпталып, төрт адамдын, анын ичинде үчөө кыргыз жараны, бирөө Казакстандын жараны, алардын үстүнөн сот жараяны жүрүп жатат. Ушул окуя тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

- Менин оюмча, бул дагы болсо эртеңки президенттик, парламенттик шайлоолорго даярдыктын бирден-бир далалаты. Болгондо дагы өтө бир арамдык, жаман жолу. Эсиңизде бекен - мени күнөөлөгөндө "Тургуналиев жашыруун уюм түзгөн, Тургуналиев Кыргызстан боюнча 9,5 миң куралданган топту даярдаган экен" деп чыккан. Ошол жалаалардын бирөөсүн дагы мойнума коё алган жок. Бул балдарды дагы ошондой нерсенин курмандыгына чалгысы келип турат. Кыскасы, булар азыр эчен жолу, эчен кишилерди террорист деди. Мисалы азыркы биздин акыйкатчыны "бул "Хизб ут-Тахир", ИДУ менен байланыш, ошолорду колдойт" деп чыгышты. Мойнуна коё алдыбы? Коё алган жок.

- Топчубек мырза, бүгүнкү күндө Америкада кыргыздын беш белдүү саясатчысы жүрөт. Мына ушул саясатчылар Америкадан келгенден кийин партиялардын ишинде кандайдыр бир кичине болсо дагы өзгөрүү болооруна ишенесизби?

- Кээ бирлери айтат, ошол Америка кыргыздын Михаил Саакашвилисин издеп жүрөт деп. Андай эмес. Ошол Америка кечээ деле чакырып жүргөн бизди, бүгүн кичинекей топту чакырды, эртең башкаларын чакырат. Американын саясаты андай эмес, бул бир. Экинчиси, ошол бешөөнүн ичинде парламентке да жарабай тургандары бар.

- Топчубек мырза, бүгүнкү күндө Американын улуттук демократиялык институту саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырып шайлоонун адилет, таза өтүүсүнө байлагыштуу окууларды өткөрүп атат. Мына ушундай окуу, семинарлардын келечекте канчалык пайдасы тийет?

- АКШнын элчилигинин алдында демократиялык институт деген бар. Бул АКШнын демократиялык партиясынын жандоочу уюму. Булар «Эл бийлиги үчүн» деген блокту, оппозициялык блокту колдойт экен деген пикир жаралышы, ызы-чуу түшүшү мүмкүн. Өзгөчө өкмөттүк радио, гезиттерде. Андай эмес. Себеби АКШнын Кыргызстандагы улуттук демократиялык институту тарабынан мындай окуулар, семинарлар мурдатан эле өткөрүлүп келаткан. Кечээ күнү биздин блокко кирген алты партиянын өкүлдөрүнө өткөрдү. Ал эми төртүндө болсо элдик партияга кирген төрт партия үчүн. Эртең-бүрсүгүнү ошол эле үй-бүлөлүк партиялык топ үчүн өткөрөт. Себеби алар бардыгына калыс мамиле жасоого аракеттенет. Ошондуктан мунун айлана-тегерегинде дагы ызы-чуунун кажети жок. Ал эми мындай окуулар сөзсүз пайдалуу.

- Ырахмат маегиңиз үчүн.

Тектеш

XS
SM
MD
LG