Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

АМЕРИКАДАН КАНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫК ДИПЛОМ АЛЫП КЕЛГЕНИ БЕЛГИСИЗ


Акыркы бир нече жылдан бери АКШнын коллеж-университеттеринде билим алып жаткан чет элдик студенттердин саны кескин азайганы байкалууда. Өлкөгө кирүү үчүн талап кылынган виза алуудагы кыйынчылыктар анын негизги себеби катары аталууда. Америкада билим берүү көп киреше алып келген тармак. Экинчи жагынан, АКШда таалим-тарбия алган жаштар америкалык идеяларга сугарлып, өлкөнүн эларалык таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзчү.

2001-жылдын сентябрында АКШда болгон ири террордук чабуулдарды өлкөгө студенттик виза менен келген жанкечтилер ишке ашырганы дайын. Ошондон кийин чет өлкөлүк окуучулар, албетте, катуу көзөмөлгө алына баштады. Чет жактан келип, Американын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан жаштардын бардыгынын тең ысымдары атайын компьютердик системага киргизилген. АКШнын элчилик-консулдуктары болсо виза берүү эрежелерин бир топ катаалдатты.

Америкалык мугалимдер жана билим берүү тармагы боюнча адистер шашылыш жана чала уюштурулган мындай чаралар өлкөнүн эларалык аренадагы таасирин төмөндөтүү менен катар кирешенин ири булагына кесепетин тийгизүүдө дешет. Анын үстүнө жыл сайын АКШга агылган иммигранттар эмес келгиндердин 2 пайызын гана студенттер түзөт.

Адилеттүүлүк үчүн айта кетели, 11-сентябрга чейин эле мухиттин ары жагында окууну каалаган жаштардын саны азая баштаган. Эларалык билим берүү институту 2002-жылы жарыялаган маалыматка караганда, 1982-жылы алардын саны Америкадагы студенттердин дээрлик 40 пайызын түзсө, 95-жылы алда канча төмөндөп, 30дай эле пайыз болуп калган.

Илгертеден эле Америка дүйнөнүн таланттуу, эң мыкты жана зиректүү жаштарын өзүнө тартчу. Ал жакта билим алуу бир четинен абройлуу, экинчи жагынан сапаттуу дегенди билдирчү. Ири эларалык корпоративдик компаниялардын жетекчилери, бир катар мамлекеттердин министрлери жана башка мартабалуу жетекчилери америкалык дипломдордун ээлери.

Мисалы, Кытай өлкөнүн мыкты жаштарын АКШнын жогорку окуу жайларына жиберүүнү өз саясатынын негизги бөлүгү кылып алган. Американын техникалык жана илимий сырларын үйрөнүүнүн эң жакшы жолу – студенттерди ал жакта окутуу деп эсептечү коммунисттик Кытайдын төбөлдөрү.

АКШда андан утулушта калчу эмес. Себеби америкалыктардын өздөрүнүн пикиринде, эми Бээжин өкмөтүндө Американын үлгүсүндөгү демократия, адам укуктары, атуулдук баалуулуктарга сугарылган миңдеген жаш кызматкерлер эмгектенет.

Алыска кетпей эле, Грузияны алсак. Жакында өлкөнүн жаңы президенти Михаил Саакашвили жана анын “америкалык” кабинети АКШда сапар менен болду. Президент өзү Колумбиядагы юридикалык институттун бүтүрүүчүсү. Нью-Йорктогу юридикалык фирмалардын биринде иштеген. Коргоо министри Гела Бежуашвилинин – Харвард, ички иштер министри – Жорж Барамидзенин Жоржтаун университетинин дипломдору бар. Өкмөттүн башка мүчөлөрү да Америкада таалим алышкан.

Албетте, АКШда окуган жетекчилердин бардыгы тең эле Вашингтондун шериги боло калат деп айтуу туура эмес. Бирок Саакашвили ырастагандай, алар өздөрүн батыш маданияты жана баалуулуктары менен байланыштырышат.

Кыргызстандын билим берүү министрлигинен алынган маалыматка ылайык, ушу тапта АКШда мамлекет тарабынан жиберилген кыргызстандык 33 студент окуйт. Ал эми мамлекеттик мекемелерде иштеген адистердин арасында америкалык вуздарды бүтүргөндр барбы деген сурообузга, министрликтин басма сөз бөлүмүнөн жооп бере алышкан жок.
XS
SM
MD
LG