Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

ИРАКТЫН УБАКТЫЛУУ БАШМЫЙЗАМЫ АЗЫРЫНЧА КАБЫЛ АЛЫНА ЭЛЕК


Нарын АЙЫП, Прага 5-март күнү кол коюлат деген Ирактын убактылуу конституциясы кайрадан кабыл алынбай калды жана кээ бир эксперттердин айтымында, андан бир топ орчундуу маселе чыгышы мүмкүн. Бул конституция алгач 28-февралда кабыл алынмак, бирок кызуу талаш-тартыштан улам ал 1-мартка чейин калтырылып, андан соң кабыл алуу мөөнөтү дагы беш күнгө кийинкиге жылдырылган.

Конституцияга кол коюу салтанаты Багдад шаарындагы мурдагы падыша сарайында өтүүгө белгиленген. Бул имаратта азыр америкалык убактылуу башкаруучулук жайгашат. Коопсуздук маселелеринен улам, салтанатка чакырылган журналисттерге - белгиленген мөөнөттөн үч саат мурда келгиле деп айтылган. Убактылуу конституция тууралуу жаңы мыйзамга Башкаруучу кеңештин бардык 25 мүчөсү кол коймок жана алар келип отура турган үстөлгө алдын ала 25 алтын калем коюлган. Бирок белгиленген саатта - Ирак убактысы боюнча түштөн кийинки төрттө - жыйындар залына эч ким чыккан жок жана журналисттер менен коноктор тынчсыздана баштады. Дагы бир саат өткөндөн кийин фотожурналисттер жалгызсырап жаткан алтын калемдерди сүрөткө тартууга киришти, салтанаттуу жыйында ырдоого чакырылган балдар хору менен башка артисттер конокторго концерт берди, бирок ага эч кимдин көңүлү толгон жок. Башкаруучу кеңеш болсо жабык эшик артында маселени сегиз саат бою талкуулады жана түнкү саат он экиге жакын залдагы 600 адамдын жүздөйү гана калды.

Салтанат мурда макулдашылган конституцияга Башкаруучу кеңештин беш шийи мүчөсү акыркы мүнөттө кол коюудан баш тарткандыгынан улам болбой калды. Алар конституциянын бир беренесине каршы. Ал беренеде «келечекте кабыл алына турган туруктуу конституция жалпы элдик референдум аркылуу бекитилүүгө тийиш» деп жазылган. Бирок эгер өлкө провинцияларынын үчөө ал референдумда конституцияга каршы чыкса, баш мыйзам кабыл алынбайт деген да кошумча бар. Өлкөнүн 16 провинциясынын үчөөндө жалаң күрттөр жашайт, ошондуктан, шийилердин айтымында, күрттөр бул берене менен конституция кабыл алуу маселесинде иш жүзүндөгү вето укугуна ээ болууда.

Расмий Вашингтон менен Багдад маселени ырбатпоо үчүн конституция баары бир кабыл алынат, жөн гана бир аз техникалык маселелер чыгууда деп билдирди. Ирактын Башкаруучу кеңешинин басма сөз катчысы Хамид ал-Кифайинин айтымында, орчундуу деле талаш-тартыш жок:

- Кээ бир сүйлөмдөрдү кайра карап чыгуу зарыл, кээ бир мүчөлөр айрым беренелер тууралуу тынчсызданууда, бирок орчундуу пикир келишпестик жок.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт Маклелландын пикиринде, Ирак коомунда бул долбоор мынчалык ачык талкууланып жатканы эле эбегейсиз жетишкендик. Багдад шаардык кеңешинин мүчөсү Мохаммад Бакирдин айтымында, ал - чыныгы демократиянын белгиси:

- Ар башка пикир болгону - Иракта демократия бар экенин далилдейт, азыр ар бир саясатчы өз пикирин куугунтуктоодон коркпостон айта алат. Ирак эли үчүн бул абдан жакшы, биз дал ушундай демократия үчүн иштеп жатабыз.

Анткен менен, "Франс пресс" агенттиги Башкаруучу кеңештин мүчөлөрүнө шилтеме жасап жазганына караганда, эгер мурда макулдашылган келишимден акыркы мүнөттө баш тартып, каршы тарапты бир нерсеге көндүрүү адаты мындан ары да башка саясий күчтөр тарабынан колдонулса, бүткүл жараян зыянга учурашы мүмкүн.

Бийликтин айтымында, шийилер башчысы аятолла Али ас-Систаниге өкүлдөр жиберилди жана эмки аптада конституция кабыл алынышы мүмкүн. Систани болсо 2-мартта Багдад менен Кербала шаарларында жүздөгөн адамдын өмүрүн алып кеткен теракттардын алдын ала албаганы үчүн америкалыктарды күнөөлөп, Ирак чек араларын кайтарууну күчөтүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG