Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Террорчулар деп шектелгендердин соту 11 мартта уланат


БИШКЕК. Манас аба майданындагы «Ганси» авиабазасына террордук акт уюштурууга даярдык көргөн деп шектелип кармалгандардын үстүнөн сот жараяны 11-мартка жылдырылды. Мындай чечим сот ишин караган судьянын алмаштырылгандыгына байланыштуу айыпталуучулардын адвокаттарынын өтүнүчүнө ылайык кабыл алынды. Бул иш мындан ары Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Канат Турганбеков тарабынан каралат. Ал эми айыпталуучулардын бири бул күнү өзүнүн адвокаты Эльмира Карыбековага ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирип, анын кызматынан баш тартты. Бул жөнүндө бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан маалымдашты. Бул иш боюнча 2-мартта болгон сот жараянында Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Саатов төрагалык кылган. Кыргызстандын үч атуулу жана Казакстандын бир атуулу мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган жана «Ганси» авиабазасына террордук акт уюштуруу үчүн Пакистан менен Иранда атайын даярдыктардан өтүп келишкен деп күнөөлөнүшүүдө. Бирок, айыпталуучулар алгачкы сот жараянында мындай күнөөлөрдү моюнга алышкан жок. Айыпталуучулардын адвокаттары аларга мыйзамсыз күнөөлөр коюлуп жаткандыгы жөнүндө айтышууда.

XS
SM
MD
LG