Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

ЭШИГИН КӨРҮП ТӨРҮНӨ ӨТ, ӨКМӨТҮН КӨРҮП, ЭЛИНЕ КЕЛ


Орусиядагы жергиликтүү адистер жана эл аралык эксперттер өлкөдө түзүлгөн жаңы өкмөттүн курамы боюнча ар кыл пикирлерин билдирип жатышат. Айрымдар Игорь Ивановдун тышкы иштер министри кызматынан кетишин күтүлбөгөн кадам катары баалашууда. Байкоочулардын башка бир даары жаңы өкмөт мурункудан көп айырмаланбайт деп эсептейт.

Кечээ, шейшембиде, президент Владимир Путин кабинетти жаңылоо боюнча мындан эки жумача мурун башталган жараянга соңку чекит койду. Февралдын этегинде мамлекет башчы Михаил Касьянов жетектеген өкмөттү кызматтан кетирип, анын ордуна Орусиянын Евробиримдиктеги өкүлү Михаил Фрадковду алып келген эле.

Эми өкмөттүн мүчөлөрү расмий бекитилди. Кээ бир дайындоолор көпчүлүк байкоочулардын божомолдоруна дал келген жок. Мисалы, тышкы иштер министринин алмаштырылышы күтүүсүз кадам катары бааланып жатат. Бул кызматты Борис Ельциндын доорунан бери аркалап келаткан Игорь Ивановдун ордуна өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Лавров дайындалды.

Москвадагы саясий изилдөөлөр институтунун өкүлү Сергей Марков мындай өзгөрүү Орусиянын тышкы саясатына таасир этпейт деген ойдо:

- Анткени дасыккан дипломат Игорь Ивановду башка бир чебер дипломат Сергей Лавров алмаштырды. Бул – негизинен президенттик администрация тарабынан иштелип чыкчу тышкы саясат Путин аныктагандай эле кала берет дегенге жатат.

Ал эми либералдуу деп эсептелген таанымал жаш экономисттер Алексей Кудрин менен Герман Греф министрлик папкелерин сактап калышты. Кудрин - каржы, Греф - экономика министри болуп кайра дайындалды. Булардан тышкары дагы эки министр, Путиндин жакын санаалаштары катары белгилүү коргоо министри Сергей Иванов жана чукул кырдаалдар министрилгинин жетекчиси Сергей Шойгу кызматтарын сактап калды.

Борис Грызлов “Бирдиктүү Орусия” партиясынын парламенттеги фракциясын жетектей баштагандан бери анын ордуна өлкөнүн ички иштер министринин кызматын аркалап келаткан Рашид Нургалиев бул орунга биротоло бекитилди.

Министрликтердин саны болсо 30дан 17ге кыскартылды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо министрлигин жетектөөгө пенсиондук фонддун мурдагы төрагасы Михаил Зурабов келди. Маданият жана басма сөз министрликтери бириктирилип, Москва консерваториясынын ректору Александр Соколов жаңы министрликти жетектеп калды.

Эски өкмөттө премьердин беш орун басары болсо, азыркыда бир эле киши - Александр Жуков вице-премьер болуп бекитилди.

Мурунку орун басарлардын бири Виктор Христенко отун-кубат министринин үстөлүн ээледи.

Шейшембиде президент Путин өкмөттүн структурасынын өзгөртүлүшүн мындайча түшүндүрдү:

- Министрликтер олуттуу түрдө кеңейтилип, күчтөндүрүлүүдө. Бирок биздин максатыбыз - аларды жөн эле бириктирүүдө эмес, биз мекемелер бири-бирин кайталаган учурларды болтурбай, бирдей эле кызматты аткарган министрликтерди кошуп, аларды натыйжалуу жана таасирдүү кылууну көздөп жатабыз.

Орусиялык таанымал саясий аналитик Андрей Пионтковский болсо жаңы өкмөт Касьяновдукунан көп деле айырмаланбайт деген пикирин ортого салат:

- Экономикалык блокту алсак, бардык негизги ишмерлер – Кудрин, Греф, Христенко өз орундарында калды. Күч мекемелери болсо иш жүзүндө өкмөткө карабайт. Алар мамлекет башчынын түздөн-түз карамагында. Тышкы иштер министри алмаштырылды деңизчи. Бирок ал жөнүндө акыркы төрт жылдан бери эле байма-бай айтылып келаткан. Кыскасы, жаңы өкмөттүн курамын карап отурсаң, кабинетти алмаштыруу боюнча 24-феврал күнү башталган демилге жалгыз гана премьер Касьяновду кетирүү үчүн эле жасалган деген ойго кетесиң.

XS
SM
MD
LG