Агенттиктин башкаруу кеңешинин шейшемби күнкү жыйынында АКШ, Франция, Германия жана Британия Иранды өзөктүк программасын толук ачып бербегендиги үчүн олуттуу сынга алган резолюция долбоорун колдоп чыгышты. Ошону менен бирге резолюция долбоору Иранга МАГАТЭ менен кызматташуудагы кемчиликтерин жойгонго кошумча убакыт берүүнү сунуш кылат.
Бирок, АКШдан айырмаланып, Европа өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы жөнүндөгү маселени Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинини кароосуна койууга каршы чыгышты. Шейшемби күнү Венада МАГАТЭнин баш кеңсесинде жабык эшик артында жүргөн талкууларга ачууланган Иран АКШны "МАГАТЭни кысмактап жатат" деп айыптап, "Европа өлкөлөрү Иранга көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө тийиш эле" деп нааразы болду. Ирандын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү Пироз Хоссейни:
- Европанын үч өлкөсү - Британия, Германия жана Франция колунан келгендин баарын жасашты. Бирок биз алардан мындан көптү күткөн элек. Тилекке каршы, америкалыктардын жүйөөсүз кысмагы Ирандын агенттик менен кызматташуусуна кедерги болууда, - деп айтты.
Өткөн жылы Британия, Германия жана Франциянын ортомчулугу менен Иран МАГАТЭ менен кызматашууга жана уранды байытуу боюнча аракеттерин токтотууга макул болгон. МАГАТЭнин шаршемби күнкү резолюция долбооруна ачуусу келген Иран МАГАТЭ менен кызматташуусун токтотууга жана уранды байытуу иштерин улантууга кесенди.
Ал эми МАГАТЭнин башчысы Мухаммед эл-Барадейи Ирандын мындай аракеттери өтө кооптуу экенин белгилеп, азыркыга чейин Иран менен МАГАТЭнин кызматашуусу ынандырарлык болуп келгенин айтууга шашты:
- Иран өзүнө алган милдеттенмелерин жылдардан бери аткарбай келген ошону үчүн эки ортодо ишенимди жаратуу үчүн дагы узак убакыт керек болот. Менимче, Ирандын уран байытуу аракеттерин убактылуу токтотуп койгону, эки ортодо ишенимдин орношу үчүн өтө маанилүү.
Бирок байкоочулар Иран "уран байытууну улантам, МАГАТЭ менен кызматташпайм" деген опузасы менен МАГАТЭни коркута албайт деген ишенимде.
- Иран өзүн эки жактан тең (Америка жана Европа тарабынан) кысмакталып жаткандай сезет. Бирок Ирандын өкмөтү МАГАТЭнин сабырдуу жана ырааттуу стратегиясына каршы жүйөөлүү аргумент койо албайт деген пикирдемин, - дейт Даниянын Архус университетинин профессору Мехди Мозафари.
Ушул жумада Иран МАГАТЭни Ирандын өзөктүк программасы жөнүндөгү маселени күн тартибинен алып салууга үндөгөн болчу. Бирок Ирандын аймагынан байытылган уран табылганын аргумент туткан МАГАТЭ Иран өзөктүк программасын толук ачып бергенге милдеттүү деп эсептейт. Маселесинин күн тартибинде кала беришине ошондой эле Өзөктүк Технологияларды Жайылтпоо боюнча Кошумча протоколдун өлкө парламентинин ратификациясынан али өтө элек болуп жатканы негиз болууда. Өкмөт кол койгону менен ал протоколду консерваторлор үстөмдүк кылган жаңы парламент бекитпей койушу да ыктымал.