НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары НАТОнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнөн тышкары Ооганстандын түндүк жана батыш аймагында вилайеттерди кайра куруу боюнча кеминде беш топтун болушун каалап жатат. НАТОнун баш катчысы Яап де Хоор Схеффер бул маселеге байланыштуу мындай дейт:
- Мен биз менен бирге иш алып бараткан вилаеттерди кайра куруу топторунун кеңейээринен үмүтүм бар жана мындай жагдайды күтүп атам. Бул жакшы тыянак бермек. Биз бул маселени февралда Мюнхенде талкуулаганбыз. Брюсселде 2-апрелде өтүүчү тышкы иштер министрлеринин бейрасмий жолугушуусунда да талкуулайлы деп турабыз
Учурда Кабулда жана Кундузда вилаеттерди кайра куруу тобу немистердин колдоосу менен иштеп жатат. Бирок, НАТО акыркы айларда алардын ишмердүүлүгүн кеңейтүү аракетин жандантты. НАТОнун Европа боюнча командачысы Жеймс Жоунстун шаршембиде билдиришинче, жагдай жакшы жагына ыктоодо. Башкача айтканда, маселен, тик учмалар боюнча быйыл өксүк болбойт. Анткени, бул жагынан Түркия, Нидерланды немистердин транспорттук үч тик учмасына кошумча дагы тогузду бере турган болду.
НАТО немистердин Кундуздагы тобунан тышкары Фейзабадда жана Мейменчте да кайра куруучу топтордун болушуна ынтызарланууда. Анткени, бул топтор Мазари–Шариф менен Гератка көзөмөлдүк кылса, НАТОнун Эл аралык турукташтыруу күчтөрү түштүк жана чыгыш тарапка байкоо жүргүзөт. Жоунстун айтымында, мындан тышкары калыбына келтирүү жана коопсуздукту чыңдоо аракеттеринде Ооганстандын өзүнүн салымын да эске алуу керек.
НАТОнун Европа боюнча командачысы Жоунс Стамбул жолугушуусунда Ооганстанга жалпысынан вилайеттерди кайра куруучу 18 топ керек экенин белгилеген. Алардын бешөө НАТОнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн, калгандары АКШ коалициясынын карамагында болушу керек.
Мындай активдешүүнү НАТО жетекчилери Ооганстандагы жай айына белгиленген шайлоо менен байланыштырууда. Анын үстүнө шайлоочуларды каттоого колдоо көрсөтүү суранычы менен буга чейин Ооганстандын мамлекет башчысы Хамид Карзай Батышка жана НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылган болчу. НАТОнун баш катчысы болсо мүмкүнчүлүккө жараша шайлоого колдоо көрсөтөөрүн, бирок, бул иште Ооганстан өзү башкы жоопкер болуп, НАТО ага көмөкчү гана болушу керектигин белгиледи.
Бирок, Ооганстанда белгиленген шайлоо өз учурунда өтөөрү арсар. Анткени, Европа Биримдиги Ооганстан бул шайлоого азыр даяр эместигин белгилеп жатат. Шаршембиде кечинде Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавиер Солана Биримдиктин бул көз карашын дагы бир ирет бекемдеди:
- Биз шайлоо жай айынын этегинде же андан кийинчерээк өтөөрүнө үмүттөнүп атабыз. Биз мүмкүн болсо парламенттик, президенттик шайлоонун чогуу өтүшүн жактаар элек.
Ал эми НАТОнун Европа боюнча башчысы Жоунстун айтымында, өлкөдө азыр алкаидачылардын жана талиптердин миңден ашпаган гана мүчөсү калды. Муну НАТО коалициянын ийгиликтүү аракеттери, ооганстандык атуулдардын кызматташып жатышы жана кошуна Пакистандын чекарага көзөмөлүн күчөтүшү менен байланыштырууда.
Бирок, НАТОнун Ооганстандагы тынчтык орнотуучу күчтөрү жаз алды менен калган-каткан талиптердин каршылык көрсөтүү аракеттери кайра жанданышынын ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.