Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

ОРУСИЯДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КЫЗЫГУУСУ ТӨМӨН ДЕП ЖОРОМОЛДОНУУДА


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Ушул жуманын этегинде (14-мартта) Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Президенттик орунга алты талапкер ат салышууда. Шайлоо күнү жакындаган сайын, шайлоочулардын жетишерлик санын камсыз кылуу орус бийликтери үчүн башкы проблемага айлангандай.

Бүгүн Орусиянын учурдагы мамлекет башчысы, ошол эле мезгилде президенттикке талапкер Владимир Путин өлкө калкына «шайлоого катышуу зарылдыгын» билдирген кайрылуу жасады.

- Тикелей тандоо – демократиянын башкы жетишкендиктеринин бири жана бул шайлоонун жыйынтыктары Орусиянын мындан аркы өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Бийликти түзүүдө колдонулуучу демократиялык иш-чаралар орус эли үчүн адаттагы көрүнүшкө айланган, бирок коомдун аң-сезиминде бул жараяндын мааниси төмөндөбөшү зарыл. Ошондуктан, ар бир атуулдун добушу өзгөчө мааниге ээ, - деген президент Владимир Путин шайлоочуларды бул иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Ал эми Борбордук Шайлоо Комиссиянын төрагасы Александр Вешняков жумурияттын региондорунда орнотулган 95 миң шайлоо чөлкөмү (участогу) жалпы өлкө боюнча добуш берүүгө укуктуу 109 млн. шайлоочуну кабыл алууга даяр экендигин билдирди:

- Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы, Вешняковдун айтымында, 14-март күнү кечинде маалымдалып, эртеси күнү, 15-мартта, маалымат кайрадан жаңыртылат. Борбордук Шайлоо Комиссиясы 25-мартка чейин президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялоого милдеттүү.

Президенттик шайлоо күнү жакындаган сайын өлкөнүн региондорунда добуш берүүчүлөрдү шайлоого катышууга үндөгөн чакырыктар улам көп айтылууда. «Бийлик үчүн элдин шайлоо учакткаларына келиши буга чейинки шайлоолордо мынчалык деңгээлде маанилүү болгон эмес», - дешет айрым саясий аналитиктер. Алардын ойлорунда, президент В.Путиндин дээрлик туруктуулугун жоготпогон жогору рейтинги анын өзү үчүн эле башкы проблемага айланды. Анткени шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү Путиндин тандалышы үчүн алардын добушу анчалык деле маанисиз экендигин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, жер-жерлерде элдин шайлоого катышуу кызыкчылыгын күчөтүү максатында шайлоо чөлкөмдөрүндө белектерди берүү, концерттерге билеттерди таркатуу жана айрым учурларда зордоо чаралары да көрүлүп жатат.

А.Жуков, Орусиянын өкмөт башчысынын орус басары, айрым жосунсуз жоруктарды өзү эскертип айтты:

- Мисалы, 1-марттан тарта Хабаровск өрөөнүндөгү айрым ооруканаларда оорулууларды Шайлоо комиссиясынын чакыруу кагазынын негизинде гана кабыл ала башташты. Бийликтин жүзүн каралай турган бул өңдүү окуяларга жол берилбеши лаазым.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, мындай көрүнүштөр Архангельскиде, Свердловск менен Рязанда жана Владимиров облусу менен Ставрополь крайында байкалган.

Президенттикке талапкерлердин көпчүлүгү мамлекет башчы болуп тандалууга мүмкүнчүлүгү аз экендигин жакшы түшүнүшөт. Анткен менен ар кимиси бул орунга умтулуу аракеттерин ар түрдүүчө таржымалашты. Талапкердигиндеги башкы максаты - учурдагы президент В.Путинди колдоого багытталгандыгын айткан талапкер Сергей Миронов, маселен, ушул күндөрү өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Өзүн парламенттик шайлоо учурунда утулуп калышкан демократтардын бул иш-чарадагы негизги өкүлү деп билген Ирина Хакамада учурдагы бийликке жана президентке карата кескин оппозицияда тургандыгын дагы бир жолу жар салды. Анын пикиринде, бүгүнкү бийлик баштаган жолдун негизги кемчилиги – советтик тоталитардык системаны кайра курууга багытталгандыгы.

Анткен менен шайлоо өзүнө жеңишти алып келбей турганын алдын-ала түшүнгөн Хакамада айым өзүнүн келечек максаттары тууралуу мындайча бөлүшөт:

- Мен, чынында, эч кимге таарынган жокмун. Мен ким менен болсо да кызматташууга даярмын, бирок шайлоо өткөндөн соң өзүмдүн партиямды түзөм деп чечтим. Демократтар ушул мезгилге чейин кетирген каталарды болочокто жоюуга аракет кылам.

XS
SM
MD
LG