Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

ТҮШТҮК КОРЕЙ ПРЕЗИДЕНТИНЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бүгүн (жума күнү) Түштүк Кореянын парламенти өлкөнүн президенти Но Му Хенди шайлоо мыйзамын бузган деп айыптап, импичмент жарыялады. Мындай окуя Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу болуп отурат.

Түштүк Корея парламентинин бул күнкү жыйыны адаттан тыш ызы-чуу, уруш-талаштар менен коштолду. Президент Но Му Хендин (Roh Moo-hyun) таламын талашып, импичмент жарыялоого жол бербөө үчүн үч күндөн бери спикердин ордун басып алышкан Ури партиясынын депутаттарын оппозициядагы депутаттар сүрүп чыгып, акыры импичмент жараянын башташты. Президентке ишенбестигин парламенттин 271 депутатынын 193ү добуш аркылуу билдирди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын спикер Пак Хваң Йоң (Park Kwan-yong) жарыялады:

- Оппозициянын 195 депутатынын 193ү - президентке импичмент жарыялоону колдоп, ал эми экөө - каршы добуш беришти. Баш мыйзамдын 63-беренесинин экинчи бөлүмүнө ылайык, импичмент жарыялоо мыйзамы кабыл алынды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланганда, президентти колдогон Ури партиясынын айрым мүчөлөрү ыйлап жиберишти. Парламенттин бул жыйынынан уюштурулган телерепортаждарда Ури партиясынын депутаттары жер тепкилеп, кыйкырып, добуш берүүгө кезек күтүп калышкан оппозициядагы кесиптештерин бут кийимдер менен уруп жатышканы көрсөтүлдү.

Президентке импичмент жарыялоо маселесинин күн тартибине койулушуна президент Но Му Хендин "шайлоо мыйзамдарын бузду, коррупцияланган өкмөт мүчөлөрүн коргоп чыкты жана экономиканы тескери жакка тескеди" деген доо боюнча айыпталуусу себеп болду.

Мындан бир нече күн мурда президент Но Му Хен маалымат жыйынын өткөрүп жатып, 15-апрелде боло турган парламенттик шайлоодо өзүн колдогон Ури партиясына добуш бергиле деп айткан эле. Президенттин бул сөзүн одоно мыйзам бузуу катары сыпаттаган Борбордук шайлоо комиссиясы андан "бейтараптуулугун бузгандыгы" үчүн элден кечирим суроосун талап кылган. Президенттин элден кечирим суроодон баш тартышы саясий чырды ого бетер ырбатып, оппозициянын импичмент маселесин көтөрүүсүнө түрткү болду. Күүлөнгөн депутаттарды президенттин жума күнү элден кечирим сураганы да токтотуп кала алган жок.

Парламенттеги орундардын жетимиштей процентине ээ оппозиция менен президенттин ортосундагы мамилелер андан мурда эле начар болчу. Былтыр президент Но Му Хен анын жакын жардамчыларынын коррупцияланышына байланышкан ишти иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүү жөнүндө парламент кабыл алган мыйзамга вето койуп, иликтөөгө жол бербей койгон.

Түштүк Корей парламентинин орундарынын үчтөн экиси - оппозициядагы Улуу Улуттук Партия менен Демократиялык Миңжылдык партиясына таандык, президентти колдогон Ури партиясы болсо - болгону 47 мандатка ээ. Саясий байкоочулар президентке импичмент жарыялоо менен оппозиция алдыда боло турган парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын оодук бөлүгүн президентти колдогон Ури партиясына алдырып жибербөө максатын көздөгөнүн айтып жатышат.

Парламенттин колдоосуна ээ болбогону менен "адам укуктарын коргогон адвокат" катары калктын кеңири катмарларында кадыр-баркка ээ президентти, сурамжылоо көрсөткөндөй, түштүк корейлердин кыйла бөлүгү жактайт. Президенттик кызматка 2003-жылдын февраль айында киришкен Но Му Хендин миңдеген тарапкерлери парламенттин жыйыны өтүп жаткан учурда Улуу Улуттук Партиянын кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Демонстранттар "Парламент тарап кетсин!" деп кыйкырып жатышты.

Түштүк Кореянын баш мыйзамы боюнча, импичменттин мыйзамдуулугун Конституциялык соттун чечими бекитет жана сотко бул маселени карап чыгуу үчүн алты ай убакыт берилет. Ал эми кызматынан четтетилген президенттин милдетин аткаруу Сеул убактысы боюнча кечки саат алтыдан баштап өлкөнүн премьер-министри Го Кунга (Goh Kun) жүктөлдү. Мамлекет башчысынын милдетин аткарууга киришкен Го Кун өлкөнүн тышкы саясатында өзгөрүүлөр болбой тургандыгын билдирди. Өлкөдө туруктуулукту сактап калуу үчүн убактылуу мамлекет башчы өлкөнүн полициясын жогорку даярдыкка келтиргендиги маалымдалды.

XS
SM
MD
LG