Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

МАДРИДДЕГИ КЫЯНАТ КЫРГЫНДЫ КИМ ЖАСАДЫ?


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары Бүгүн Испанияда үч күндүк аза күтүү каадасы башталды. Мадриддеги террордук кыргын-кыянатта апат кеткендердин саны акыркы маалыматтарда 198ге жеткени айтылат. Жарадар болгондор 1400дөн ашат дешет. Испаниялыктардын тышкары курман болгондор менен жапа чеккендердин арасында он бирдей чет өлкөнүн тургундары да бар. Бейшемби күнү өлкөнүн бир катар ири шаарларында азан-казан эл жыйналып, террорчуларга наалат, набыт болгондордун жакындарына кайрат айтышты. Бүгүн кечке жуук бүткүл өлкө боюнча испаниялыктар азалуу митингдерге катышып,манифестацияларды өткөрүштү. Ал эми баск жикчилеринин ЭТА тобу бул террордук чабуулга өздөрүнүн тийешеси жоктугун бүгүн кечинде билдирди.

Террорчуларды айыптаган айбарлуу жыйындар басктардын Билбао шаарында да болду. Испаниянын тышкы иштер министри Ана Паласио табылган таныктардан улам азырынча кыянат-кыргын үчүн негизинен баск сепаратисттеринин ЭТА тобуна шек түшүп жаткандыгын ырастап, ошол эле учурда муну башка бир топтор,анын ичинде ислам экстремисттери уюштурган болушу мүмкүн деген жоромолду да жокко чыгарбады.

“Ал-Каиданын” жакын союздашы саналган “Абу Хафс ал-Масри жааткерлери” деп аталган топ Лондондо чыгуучу арап гезиттеринин бирине бейшемби күнү кат жөнөтүп, Мадриддеги кандуу калаймандын жоопкерчилигин өзүнө алганы айтылган эле. Испаниянын ички иштер министри Анхел Асебес да Мадриддин четинде мурда уурдалган бир машинадан жарылма зат жана арап тилиндеги көрмө тасма табылганын маалымдаган эле. Мындан тышкары Мадриддеги террор шек-шыбаасын чыгарбай,өтө тымызын даярдалганы, башкы бута катары эл кыжылдап кымгуут түшүп турган жайлар тандалып алынганы “Ал-Каиданын” тарыйкасын эске салат дешет.

Бирок америкалык адистер буга анчейин ишенкирей бербей жатышат. Алардын айтымында, “Ал-Каида” адатта өзү жасаган иштин жоопкерчилигин тез эле мойнуна ала бербейт. ”Алкаидачылардан” айрымаланып, ЭТАчылар демейде бомба жардыра турганын алдын-ала эскертип айтышчу. Деген менен Мадридде жарылган бомбалар ЭТАчылар колдонуп жүргөн жарылма заттарга окшош экени да айкындалды.

Испаниянын премьер-министри Хосе Мария Аснар бул террорду кимдер уюштурса да алар сөзсүз табылат жана жазасыз калбайт деп ишендирди. “Испания – үлкөн эл, анын эгемендиги ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт. Испаниялыктар өздөрүнө жана алардын келечегине байланышкан иштерди үркөрдөй бир ууч фанатиктер чечкенге эч качан жол койбойт”, - деп айтты Аснар.

Аснардын чакырыгы менен бүгүн (жума күнү) кечке жуук бүткүл өлкө боюнча антитеррордук манифестациялар башталды. Мадриддеги азан-казан жыйындарга Франциянын, Италиянын, Белгиянын өкмөт башчылары, Евросоюздун жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG