Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

ОРУСИЯ ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛООГО КАМЫНУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Саналуу сааттардан кийин Орусияда шайлоочулар 95 миң таш салуучу бекетке келип, жаңы президентти шайлоо башталат. Бирок өлкөнүн лидери үчүн добуш берүү бир аптадай мурда эле башталып, азыркы тушта 50 миңден ашуун атуул таш салышкан. Борбордук шайлоо комитетинин төрагасы Александр Вешняковдун айтканына караганда, бул жолку шайлоонун өтүшү кубаттуу техниканын жардамы астында болот. Ошол себептүү добуш бергендердин ташынын эсебин алдын-ала чыгаруу 15-марттын таңында күтүлүүдө. Айрым-бир булактардын эсебинде, бул жолку президентти шайлоо өнөктүгүнүн маалында БШКга даттануулардын, ошондой эле түздөн түз сотко кайрылуулардын саны 2000-жылы өткөн президенттик шайлоого караганда алда канча көп болгон.

Шайлоого бир түн, бир күн калганда талапкерлерди колдоп же сындап кеп айтуу токтотулду. Бул жолу марага кимдин аты чыгып келээри белгилүү болсо да, жолдугун кылып 49 мамлекеттен коноктор байкоочу катары чакырылган. Орусиядагы үчүнчү президентти шайлоонун адилет өткөндүгүнө күбөдөр болуп, көз салып кетүү үчүн Кыргызстандан да коноктор келген. Бирок жакында НТВ сыналгысы аркылуу таркаган маалыматта, азыркы өнөктүк маалында БКШга даттануулар жана сотко арыз менен кайрылуулар 2000-жылы өткөн шайлоого караганда алда канча көп болду.

Бейшембиде журналисттер менен жолугушуу өткөрүп атып АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер мындай деп айтты:

- Америкалык администрация жекшембиде өткөнү жаткан Орусиянын президентин шайлоо эркин, адилет жана ачык болот ко деп күтөт.

Мурдагы өткөрүлгөн шайлоодон айырмаланган жери - Орусияда бул жолу бүтүндөй өлкөдө салынып аткан добушдарды дароо эсептөөчү компьютердик техника пайдаланылат. БКШнын төрагасы А.Вешняковдун айтканына караганда, алдыңкы техниканын жардамы менен шайлоо өткөн 14-марттын эртеси эле добуш ташынын эсебин алдын-ала чыгарууга болот.

- Биз түнү бою иштеген ишибиздин жыйынтыгын маалымдап, 15-март күнү (эртең мененки) саат 10до пресс-конференция өткөрөбүз. Ал учурга биз бардык бекеттердеги шайлоо комиссияларынын протоколдорунун 90 пайызынан көбүрөөгүн колубузга тийгизебиз, - деди ал 13-мартта журналисттер менен болгон жолугууда.

Орусия компьютерлешкен техниканы добуш бергендердин санын аныктоо үчүн биринчи жолу пайдаланганы атат. Андай электрондук үкөктүн тилин билген Маскөөнүн 787-шайлоо бекетинин оператору Юлия Гуркова айтканга караганда:

- Бюллетенди бүктөбөөгө кеңеш берилет. Айрыкча, белги коюлган жерин бүктөбөө керек. Кокус бүктөлсө, анда сүрөткө тартчу аппарат жаңылыштык кетирет.

Орусиянын борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган 95 миң добуш берүүчү бекеттин 353ү чет мамлекеттерде жайгашкан. Ал жактардагы орусиялык атуулдар үчүн, ошондой эле, өлкөнүн алыскы түндүктөгү жана ыраакы чыгыштагы аймактарында жашаган бугу багуучулар, мунай өндүрүүчүлөр, аңчылар, чегарачылар, Чеченстандагы аскерлер үчүн күн мурунтан шайлоо уюштурулган. Айрыкча Чеченстанда федералдык аскерлерге таш салдыруу кыйла мүшкүлдүк алып келген. Аргун капчыгай менен баратканда, маселен, добуш берүүчүлөр таш сала турган үкөктү колтуктаган майор Галастяндын аркасынан пулемет кармаган бир аскер, астынан пулемет кармаган бир аскер коштоп жүргөнүн ИНТЕРФАКС агенттиги жазып чыкты.

Андан сырткары, айрым араб өлкөлөрүндө жашап жаткан орус шайлоочулары үчүн добуш берүү ушул жума күнү уюштурулду. Багдаддын түштүгүндөгү Юсифия жергесинде орусиялык 5099-шайлоо бекетинин жетекчиси Александр Строилов эмне себептен араб өлкөлөрүндө жума күнү шайлоо өткөндүгүн мындайча чечмелеп берет:

- Биз бул жердеги шайлоону 12-мартка көчүрдүк. Борбордук шайлоо комиссиясы бизге уруксат берди. Эмне дегенде жума күнү бул жерде эс алуу күнү, - дейт Иракта электр станциясын куруп жүргөн адис Строилов.

Айрым маалыматтарга караганда, Орусиянын жаңы президентин шайлоо үчүн күн мурунтан таш салгандардын саны 50 миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG