Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

ИСПАНИЯ АЗА КҮТҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бүгүн да Испания бейшемби күнкү терактта курман болгондорго аза күтүүдө. 13-мартта кандуу кол салууда курман болгон кишилердин тажиясы башталды. Буга чейин алынган расмий маалыматтарга караганда, жардыруулардан 200дөй киши набыт болуп, бир жарым миңден ашууну жаракат алды. Жарадар болгондордун 20 чактысынын ахвалы өтө оор.

Бүгүн (ишемби күнү) Испания терракттарда курман болгон жарандарынын 40ы менен кош айтышып, аларды акыркы сапарга узатты. Тажияга өкмөт башчылары, саясатчылар жана миңдеген катардагы испаниялыктар катышты. Мадриддин өлүкканаларында болсо дагы ондогон кишилердин быт-чыты чыккан сөөктөрү кала берүүдө. Медиктер алардын ким экенин анализден өткөрүп, аныктоонун үстүндө иштеп жатышат.

Ал эми кечээ бүткүл өлкөдө террорчулукка наалат айткан үлкөн манифестация өткөрүлдү. Өлкө боюнча ага 11 миллион, ал эми Мадриддин өзүндө эле 2 миллион киши катышты. Кылкылдаган калың элдин нааразылык жүрүшүнүн башында Испаниянын мураскор-ханзаадасы Филипе, премьер-министр Хосе Мария Азнар жана Европанын көптөгөн саясий лидерлери жүрүштү. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер испан элине немистердин атынан кайрат айтты:

- Биз башына оор мүшкүл түшүп турган испан элинин кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтабыз.

Испан элине АКШнын президенти Жорж Буш, британ өкмөт башчысы Тони Блэр жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери да көңүл айтып жатышат. Президент Буш кечээ (жума күнү) Вашингтондогу Испан элчилигине барып, көңүл айтты.

- Испаниядагы жардыруулар жазыксыз адамдарды касаптаган, шайтан жылоологон кишилер дүйнөдө дагы эле бар экенин көрсөттү. Испан өкмөтү террорчулукка жана ЭТА сыяктуу террорчул уюмдарга каршы катуу чара көрөөрүнө ишенем, - деп айтты Буш.

Анын аралыгында, Испаниядагы кандуу калабанын артында кимдер турганын иликтеп, изилдөө уланууда. Жардыруулар болгондон кийинки сааттарда табылган шектүү машине, Куран сүрөөлөрү жазылган тасма жана башка таныктар чабуул исламдык экстремисттик уюмдардын колунан келген деген божомолдорго да негиз берүүдө. Ал эми Испан өкмөтү болсо шайлоонун жуп алдында жасалган кол салуунун артында Баск жикчилеринин ЭТА террордук уюму турганынан күмөн санабайт. Жума күнү өлкөнүн ички иштер министри Ангел Ацебес ЭТАнын "жардырууларга тийешебиз жок" деген билдирүүсүнө өкмөт ишенбей турганын айтты.

Анын ортосунда үрөйдү учурган террордон акырындап эс-акылын жыйа баштаган аналитиктер жекшембиде боло турган парламенттик шайлоого жардыруулардын кандай таасир этээрин түкшүмөлдөп, түрдүү жоромолдорду айта баштады. Ройтер кабар агенттиги бүгүнкү макаласында мадриддик политолог Хосу Мезонун мындайча божомолун келтирди:

- Эгерде жардыруулардын артында ЭТА турган болсо, анда шайлоочулар премьер Азнардын элдик партиясына, демек, анын талапкери Мариано Рагойго ыкташы мүмкүн, ал эми «ал-Кайида» турган болсо, тескерисинче, шайлоочулар социалисттердин талапкери Хосе Люис Родригес Запатейрого добуш бериши мүмкүн.

Жалпы улут кара кийип, аза күтүп жатканда оң-сол жоромолдорду айтуунун өзү канчалык адамкерчиликсиз болсо да, айрым аналитиктер бул кандуу калаба ЭТАга каршы катаң чара көргөн, Испанияны АКШга шерик кылып, Иракка өз аскерлерин киргиздирип, ислам дүйнөсүн өзүнө өчүктүргөн азыркы өкмөткө кошумча упай алып келмек болду деген ойлорун айтышат.

Бирок серепчилердин көбү кайгырып турган элдин кайсы тарапка колдоо көрсөтөөрүн божомолдоп болбойт дешет.

- Азыр испандардын ойу шайлоодо эмес, жазыксыз курман болгондор менен алардын жакындарында. Мындай алааматты башынан кечирип көрбөгөн калк али эсин жыйа элек. Ошон үчүн шайлоонун кандай болоорун божомолдоо мүмкүн эмес, - дешет айрым жергиликтүү серепчилер.

XS
SM
MD
LG