Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

ОРУСИЯНЫН ЭЛИ ӨЛКӨНҮН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИН ТИКЕЛЕЙ ШАЙЛОО АРКЫЛУУ АНЫКТООДО


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Орусиянын 98 субъектинин шайлоочулары өлкөнүн жаңы президентин шайлоодо. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняковдун айтканына караганда, добуш бергендердин санын алдын-ала чыгаруу дүйшөмбү күнгө караган таңда жүзөгө ашырылат. Шайлоонун өтүшүндө айрым мыйзам бузуулар да болгону кабардалды. Красноярскиде, маселен, добушун сатып жүргөндөрдү милиция кармаган. Петропавловск-Камчаткада 100 бюллетенди кимдир бирөө уурдап кеткен жана бул фактылар боюнча прокуратура кылмыш ишин ачкан.

Орусия Федерациясынын кеңирсиген аймагы 11 сааттык тилкени кучагына алат. Өлкөнүн азиялык кыйырындагы Сахалин обулусунун тургундары добуш берип атканда, анын европалык кыйырындагы Калининград облусунун тургундары уйкудан ойгоно элек кез болот. Ушундай жагдайда шайлоонун ташын эсептөө бир түн - бир күндүн ичинде жүргүзүлөт деп БКШ төрагасы убада берди. Көрсө, добуштарды саноо бул жолу жаңы маалымат технологиясынын жетишкендиктерин пайдалануу менен ишке ашырылат экен. Баса, Маскөөдөгү 2039-шайлоо бекетинде президенттикке талапкер Владимир Путин менен анын жубайы өз бюллетендерин ошондой “электрондук үкөккө” алгачкылардан болуп салышты.

Добуш бергени келгендердин басымдуу көпчүлүгүнүн маанайы көтөрүңкү болду. Алардын бири - Псков калаасындагы 44-шайлоо бекетине таш салганы келген Василий Петренко.

- Биз кандай (талапкерди президенттикке) тандасак, ошондой жашоону башыбыздан өткөрөбүз. Андан башка болушу мүмкүн эмес.

Бул жолу Орусиянын президенттик кызматы үчүн ат салышып жаткандар - алтоо: Сергей Глазьев, Олег Малышкин, Сергей Миронов, Владимир Путин, Ирина Хакамада жана Николай Харитонов.

Өлкөдө добуш берүүгө акылуу 109 миллион киши бар. Алардын 1 миллион 300 кишиси чет өлкөлөрдө иштеп же жашап жаткандар. Мурдагы советтик жумурияттардан болгон өлкөлөрдө орусиялык атуулдар арбын. Латвиядагы орусиялык элчиликтин басма сөз катчысы Леонид Будаковдун айтканына караганда, ал өлкөдө азыр 25 миңдей орусиялык атуул бар. Бирок алардын баары эле шайлоо чөлкөмүнө келип бербейт ко дейт Будаков:

- Мурдагы Мамдуманы шайлаган кезде келип добуш бергендердин санын алсак, Латвия боюнча 10 миңдей орусиялык шайлоочу бар. Демейде, президентти шайлаганда адам көп келчү эле.

Президенттик шайлоо маалында айрым мыйзам бузуулар байкалганы кабардалууда. Маселен, РИА”Новости” агенттиги билдиргенге караганда, Петропавловск-Камчатка облусунда кимдир-бирөөлөр 100 бюлетенди уурдап кеткен. Красноярскиде алдын ала макулдашып добушун башка кишиге сатып жүрүшкөндөрдү милиция кармаган. Бул фактылардын үстүнөн прокуратура кылмыш ишин козгоду. Андан сырткары айрым жайларда опузалоо, коркутуп-үркүтүү учурлары болгон.

Ал эми согуш оту өчө элек Чеченстанда бүгүн жардыруу да болду. Ал туурасында “Азаттыктын” кабарчысы Муса Хасанов мындай дейт:

- Сунже жана Ачхой Мартан райондорундагы шайлоо бекеттерин ачкандан он беш мүнөт өткөндө колго жасалган өзү жарылуучу бомбалар жарылган. Чеченстан милиция кызматкерлеринин айтканына караганда, аларды чечен жикчилеринин кол башчысы Доски Умаровдун кишилери коюшкан имиш.

Бомбалар шайлоо бекеттерди тамтыгын чыгара кыйратып салганы менен киши карадан эч ким жапа чеккен эмес.

Эң катуу эскертүүнү кечөө катардык “ал-Жазира” сыналгысы аркылуу буга дейре Чеченстан козголоңчулары тарабында орусиялык федералдык аскерлер менен кармашып жаткан Абу ал-Валид жасады:

- Эгерде орусиялыктар Чеченстанга согуш жарыялачу кишини (президенттикке) шайласа... анда алар жакында жүздөгөн мунжу-чолок кишилерди көрүшөт.

Бул туурасында бүгүн “Эхо Москвы” үналгысы маалымат таркатты.

Мурдатан эле ар кандай шайлоолорго такыр барбаган айым - Агафья Лыкова туурасында ошол эле “Эхо Москвы” айтып чыкты. Агафья Лыкова Хакасия жумуриятындагы элден обочо тайга чытырманында жашайт. Анын теги - Орусиянын христиандык дининин мурдагы староверы агымын туткан кишилер болгон.

Лыковдор өткөн кылымда элден качып, чер токойдо жашап келишкен. Алардын соңку урпагы Агафьянын кала берсе паспорту да жок. Бул айым байырлаган жерге дейре тик учма менен гана барууга болот. Анын добушун алуу үчүн атайын аракет деле жасалбаса керек. Агафьянын өзү да бүгүнкү шайлоо менен кабары жок болсо керек дейт орусиялык таанымал үналгы.

XS
SM
MD
LG