Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

ОРУСИЯЛЫКТАР ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАЙДЫГЕР КАРАШПАДЫ. ШАЙЛОО ӨТТҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоону жарактуу деп табаарын билдирди. Орусияда бүгүнкү президенттик шайлоодо өлкө бийликтери үчүн добуш берүүчүлөрдүн жетиштүү санын топтоо милдети катуу коюлгандыгы маалым. Элди шайлоо чөлкөмдөрүнө топтоо максатында айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү атуулдук милдетин аткаргандарга түрдүү белектер бериле тургандыгын да айтышкан. Көптөгөн карапайым шайлоочулар бүгүнкү өнөктүккө жандуу катышты.

Орусиянын көпчүлүк региондорунда президенттик шайлоо аяктап, учурда добуштарды эсептөө иши жүрүп жатат. Ал эми өлкөнүн европалык бөлүгүндө шайлоо чөлкөмдөрү бир-эки сааттан кийин гана ишин жыйынтыкташат. Акыркы маалыматтарга таянуу менен калктын бул жолку шайлоого катышуусу жогору болду деп айтууга толук негиз бар.

Бир катар региондордо шайлоочулардын жарымынан көбү атуулдук милдеттерин аткарышты жана шайлоо жалпы өлкө боюнча өттү деп табылды. Мисалы, Чукоткадагы шайлоочулардын активдүүлүгү Москва убактысы боюнча чак түштө эле байкоочуларды таң калтырып, 83%га көтөрүлдү. Ал эми Саха (Якутия) республикасында жана Коряк автономиялуу регионунда добуш бергендердин саны 70%дан ашты.

Иркутск шаарынын тургуну Светлана Шаманская атуулдук милдетин эртерээк аткарууну каалап, бүгүн таң эртелеп шайлоо чөлкөмүнө келиптир:

- Бүгүн мен эртеден кечке жумушта болом, ошондуктан, эртерээк добуш берүүгө ашыктым.

Ордо шаар Москвадагы шайлоо чөлкөмдөрүндө да шайлоочулардын жигердүүлүгү байкалды. Биз бир катар шайлоо чөлкөмдөрүндө болуп, калктын шайлоого жандуу катышканына өзүбүз күбө болдук.

Добуш берүүчүлөрдүн арасында өлкөнүн болочок президенти тууралуу өзүбүздүн жеке сурамжылообузду жүргүзө алдык. Анын жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 90%га жакыны алдыдагы төрт жылга карата Орусиянын президенти болуп буга чейинки президент Владимир Путиндин иштешин ылайык көрүшөт.

Бир ардагер айым бизге мындай оюн айтты:

- Путинге добуш берем! Анткени ал мага жага. Менимче, калган талапкерлердин ичинде президенттикке ылайыктуулары жок.

Марина Маймур да Путинге добуш бере тургандыгын айтат:

- Мен Путиндин ишмердүүлүгүн жакшы билбейм, саясаттан алысмын. Бирок, анын күчтүү башкаруучулугу, жаш жана кубаттуу деми урматка татыйт.

Дагы бир ардагер аял:

- Мисалы, азыр жаңы президент келсе, ал өзү жалгыз эч нерсе кыла албайт, анткени айланада өзүнүн гана камын ойлошкон саясат-болумушчулар турушат. Ал эми Путин азыр баарын билет. Ошондуктан ал ишти алдына жылдыра алат деп ойлойм. Бирок олигархтарга каршы күрөштү дагы күчөтүп, аларды эч нерсесиз калтырыш керек.

Шайлоочулар арасында эч кимге добуш берүүнү каалабагандар да бар.

- Мен эч кимге добушумду бербейм, анткени бул талапкерлердин арасында өлкөдөгү проблемаларды чечүүгө кудуреттүү саясатчылар жок, - деп ойлойт москвалык Валентина айым.

XS
SM
MD
LG