Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

РОССИЯДАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ДА ЗОР МААНИГЕ ЭЭ


Султан Раев, Бишкек 14-март күнү Россиянын саясий турмушунда чоң окуя болду. Россиянын калкы бул күнү президенттик шайлоого барды.

Бул шайлоо дүйнөлүк саясаттын нугуна чоң таасир берүүчү окуя катары гана бааланбастан, акыркы мезгилде барган сайын саясий салмагы, дүйнөлүк аренага туруктуу калыптанып бараткан Россиянын мындан кийинки стратегиялык жана тактикалык маселелерин башкы багытын аныктамакчы.

Буга дейре дүйнөлүк саясатта таасири күчтүү, бекем позицияны ээлеген АКШ менен Кытайдын ролу алдыңкы планга чыгып келсе, бул озуйпаны толук кандуу аткарууга Россия да бирден-бир атаандаш катары өзүнүн гегомондук позициясын бекемдей баштады.

Мындай кырдаал акыркы мезгилде, башкача айтканда Россиянын жогорку бийлигине Владимир Путиндин келиши менен мүнөздөлөт. Путин бийликке келгенде айрым прагматик саясатчылар аны ошол кездеги президент Борис Ельцинди дагы бир жаңылыштыгы катары баалашып, саясатчы катары анчалык таасир калтыралбаган Путиндин саясий персонасын кайдыгер гана кабыл алышкан эле. Бирок акыркы мезгилдеги Путиндин президенттик мөөнөтү ал божомолдорду таптакыр төгүнгө чыгарып, башаламан түшкөн Россияны стабилдүү саясат нугуна буруп, чечкиндүү кадамдарды саясатта гана эмес, экономикада да чукул жүргүзө баштагандыгы кашкайып көрүнө баштады. Экономика жаатында Россия бир кыйла алдыга чыгып, өлкөнүн алтын-валюталык запасы кыйла чогулуп, Россия карыз сураган кайырчы өлкөдөн башка мамлекеттерге жардам көрсөтүү кудуретине жетти.


Россия чоң саясий өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат дешет талдоочулар. Бул маселенин канчалык актуалдуулугун Россия жарандары өз добуштары менен аныктамакчы. Россиялык айрым стратегиялык изилдөө фондорунун алдын-ала жүргүзгөн көз карандысыз изилдөөлөрүнө караганда, шайлоодо Владимир Путин лидерлик шансты эч кимге бербейт.

Россиядагы саясий кампанияга Кыргызстандын официалдуу бийлиги гана эмес, атуулдары да кайдыгер карай албайт.

Россия менен кылымдап калыптанган салттуу байланыш, карым-катнаш гана бул ойду бекемдебестен, Россиялык эртеңки саясий модель Кыргызстандагы болочоктогу парламенттик, президенттик шайлоого да көрсөтмө курал болуп бериши мүмкүн.

Деги эле Россиядагы шайлоо Кыргызстанга эмне берет, кандай таасир этмекчи? Бул суроо менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Марат Султановдун ою мындай:

- Бул шайлоодо (Путин) оңой эле утса керек. Азыр мына Россиянын телевидениесин көрүп атпайбызбы, ал жерде баардыгы Путиндин рейтинги 70 пайыздан жогору деп атат. Менин оюм боюнча Путин кайра бийликке келсе, анда Кыргызстанга болгон Россиянын жакшы көз карашы эч өзгөрбөйт. Ошондуктан Кыргызстан үчүн бул россияндардын жакшы тандап алган талапкери деп эсептейм.

Россия чоң саясий сыноонун алдында турат, бул сыноо Россиянын XXI-кылымдагы саясатынын сыноосу. "Эх, Россия, Россия бир боор энем. Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен" деп атактуу акыныбыз Алыкул Осмонов жазгандай, кыргыз саясаты үчүн Россиянын кенен койну кайдыгер мамилени жаратпайт.

XS
SM
MD
LG