Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

ИСПАНИЯ: ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ПАРТИЯ БИЙЛИККЕ КЕЛДИ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Кечээ (жекшемби күнү) Испанияда болгон жалпы элдик шайлоодо оппозициядагы Социалисттик партия жеңип чыкты. Көпчүлүк талдоочулардын айтымында, 8 жыл бою бийликте туруп, экономикада олуттуу ийгиликтерге жетишкен Элдик партиянын жеңилишине, премьер-министр Хосе Мария Аснардын өкмөтүнүн Кошмо Штаттардын Ирактагы согушун колдоосу жана бейшемби күнкү Мадриддин темир жол бекетиндеги удаа-удаа жардыруулар себеп болгон.

Дээрлик 99 процент добуштар эсептелгенден кийинки маалымат боюнча, Соцпартия парламенттеги 350 орундун 164үнө ээ болду. 38 процент добуш алган Элдик партияга жаңы парламентте 148 орун тийди.

Социалисттер шайлоодо 43 процент добуш менен жеңип чыкса да, алар парламентте жумушчу көпчүлүктү түзбөйт. Хосе Луис Родригес Сапатеронун партиясына ал үчүн12 мандат жетишпегендиктен, алар башка партиялар менен коалицияга барууга муктаж.

Өткөн 2003-жылы Испаниянын ички дүң продукциясы 2,4 процентке өсүп, Аснардын өкмөтү сегиз жылда 4 миллиондон ашуун адамга жумуш бергенине, соңку жарым жылдагы сурамжылоолордо шайлоочулардын башкаруучу Элдик партияга үзбөй ишеним көрсөтүп жүргөнүнө карабастан, оппозициядагы социалисттердин жеңип чыгуусун кандай түшүндүрсө болот?

Элдик партиянын бир жактоочусу өткөн бейшемби күнү Мадриддин темир жол бекетинде болгон бомба чабуулдары болбосо, Аснардын партиясы жеңилмек эмес деп, чоң өкүтүн айтты:

- Бул чындыкка жуушпаган окуя. Бомба жардыруулары, террордук чабуулдар биздин саясый жолубузду өзгөрүүгө алып барууда. Биз мындай болгонуна аябай өкүнүчтөбүз жана бир аз кыжырданып да турабыз.

Мадридде бейшемби күнү болгон жардыруулар 200 кишинин өмүрүнө балта чапты, 600дөн ашуун адамды жарадар болду.

Ырасында да, көпчүлүк байкоочулар Элдик партиянын жеңилүүсүнө Мадриддеги бомба чабуулу, өкмөттүн террордук жардыруулар үчүн шыр эле баскелик жикчилердин ЭТА тобун күнөөлөөсү жана Аснардын кабинетинин Кошмо Штаттардын Ирактагы согушун колдоосу негиз болду дешет.

Бир нече жылдан бери испандарга аралышып жашап жүргөн кыргызстандык сүрөткерлер да ушундай пикирлерин айтышты.

Каталания провинциясынынын тургуну Асанбек Кубаталы:

- Менин оюмча, Элдик партиянын, же Аснардын өкмөтүнүн Иракка аскер жөнөтүп, Американы колдогону элди иренжитип койду.

Бул ойду барселоналык Муса Осмонов да колдоду:

- Аснардын партиясы эмнеге өтпөй калды? Себеби, премьер Аснар былтыр президент Буш Иракка согуш ачканда, аны колдогон болчу.

Чынында эле, испаниялыктардын 90 проценттен ашууну өкмөттүн Иракка аскер жөнөтүүсүн жактырган эмес.

Барселонага жакын жерде жашап жаткан дагы бир кыргыз жараны Ишен Мабетимановдун айтышынча:

- “Ал-Кайида”жоопкерчилигин өзүнө алган бейшемби күнкү кандуу калабаны көпчүлүк Аснардын өкмөтүнүн Ирактагы согушту колдогону үчүн өч алуу деп баалашты жана бул калайман Соцпартиянын бийликке келүүсүнө жардамдашкансып калды.

Бейшемби күнкү жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “ал-Кайида” уюму өзүнө алган. Бирок, исламчы террордук уюмдун атынан жарыяланган бул маалыматты көз карандысыз булактар али ырасташа элек.

Жаңы испан өкмөтүн түзмөк болуп жаткан Сапатеронун айтымында, 1300 испан аскери Иракта калыш үчүн, АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн вазийпасын Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык коомчулук таанышы керек. Ансыз, 30-июнда бийлик америкалык администрациядан ирактыктардын өздөрүнө өтөөрү менен “испан аскерлери Ирактан чыгарылып кетет” деп убада берди жаңы өкмөттү жетектей турган Сапатеро. Ал өз өкмөтүнүн башкы милдети деп, терроризмге каршы күрөшүүнү билет:

- Менин токтоосуз милдетим - терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү жана менин биринчи демилгем: бул бардык саясый партиялардын күч-аракетин ушул багытта топтоо.

Жекшемби күнкү парламенттик шайлоого өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын 70 проценти катышты. Бул өтө чоң көрсөткүч. Байкоочулар элдин шайлоого жакшы келүүсүнө бейшемби күнкү террордук жардыруулар түрткү болгонуна көңүл бөлүшөт.

XS
SM
MD
LG