“Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет” дегендей, 14-мартта Орусияда жаңы мамлекет башчысын аныктоо үчүн шайлоо жүргүзүлгөн маалда 70тен ашуун аймакта (анын ичинде автономиялык аймактарда) жергиликтүү жетекчилерди шайлоо да өткөрүлдү. А.Вешняков мырза бүгүн жарыялаган маалыматка караганда, Удмурт жумуриятынын президенти болуп Александр Волков жана Краснодар крайынын губернатору болуп Александр Ткачев шайланды. Воронеж облусунун губернатору Владимир Кулаков, Калуга облусунун губернатору Анатолий Артамонов, Чита облусунун губернатору Равиль Гениатулин, Мурман облусунун губернатору Юрий Евдокимовдор өз орундарын сактап калышты.
Ал эми Алтай крайы, Архангел облусу, Рязан облусу, ошондой эле Коряк автономиялуу округу сыяктуу аймактарда атаандаш талапкерлердин эч кимиси 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, алдыдагы эки талапкер экинчи айлампада ат салышмак болду.
14-мартта Ульяновск облусунун 181-шайлоо чөлкөмүнүн жетекчиси Николай Сергеев мамлекет башчысын тандоо жараянынын аркасы менен жергиликтүү бийлик ээлерин биротоло аныктап алууну жактаган ою менен бөлүшкөн. Анын пикиринде, бул – ашыкча чыгымдан кутулуунун аргасы:
- Эмне дегенде күлкү келээрлик жагдай пайда болот. Эгерде (жергиликтүү бийлик башчысын) шайлоо майнапсыз аяктаса, анда кийинки айлампада анын чыгымын жергиликтүү бюжет эсебинен, сиз менен биздин чөнтөктөн чыгарып төлөөгө туура келет.
Өлкөнүн алты аймагында жергиликтүү (аймактык) кеңештерге депутаттарды шайлоо да өткөрүлдү. «Бирдиктүү Орусия» партиясынын өкүлдөрү Татарстанда, Карачай-Черкесте, Бурятияда, Свердлов жана Ярослав облустарында жеңишке жетишкендигин ИНТЕРФАКС агенттиги белгилейт.
Баш калаанын өзүндө болсо Маскөө шаардык думасына төрт депутаттык орун үчүн күрөш жүрдү. «Азаттыктын» кабарчысына Маскөөлүк 2561-шайлоо чөлкөмүнүн жетекчиси Ольга Агишева кечөө мындай деп түшүндүрмө берген:
- Бүгүн президенттен сырткары шаардын муниципалдык бийлигинин депутаттарын да шайлашат.
Анын айтымында, шаардык думага 4 орун үчүн 16 талапкер ат салышты. Бүгүнкү маалыматка караганда, бул 4 чөлкөмдө тең шаардык думага депутат шайланды деп табылды.
Булардан сырткары Барнаул, Краснодар, Краснояр жана Новосибирск калаалардын мэрлерин шайлоо да өттү. Алардан сырткары бир мандаттуу 3 округда Мамдумага депутат шайлоо да өткөрүлдү.
Айрым жерлерде добуш берүү жараянын уюштурууда өксүктөр да катталды. Кээ бир шайлоо чөлкөмдөрүндө шайлоого келгендердин колуна кабат-кабат бюллетен карматкан учурлар да байкалды. Маселен, Алтай крайынын кайсы бир райондорунда ар бир шайлоочунун колуна 8ден бюллетен таркатылган.