Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

ИСПАНИЯНЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ КАЙСЫ БАГЫТТЫ КАРМАНАТ?


Хосе Мария Аснар башындагы Испаниянын өкмөтү АКШ президенти Жорж Буштун Ирак саясатын өтө ишенимдүү колдогон. Бирок өткөн аптада Мадридде болгон бомба чабуулдарынан кийин шайлоочулар оппозициядагы Социалисттик партияга ооп, Аснардын өкмөтү бийликтен кетти. Жаңы премьер-министр болчу Сапатеро испан аскерлери Ирактан чыгарылаарын, өлкө тышкы саясатта Иракка согуш ачууга башынан каршы турган Германия менен Францияга ыктаарын эскертүүдө. Мадриддин бул кадамына Вашингтон кандай карайт?

Мадридде өткөн бейшемби күнү болгон террордук жардыруулар Испаниянын тышкы саясый багытын Вашингтондон биротоло Европага бурабы - аны мезгил көрсөтөт. Бирок жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо премьер-министр Аснардын Элдик партиясы оппозициядагы Соцпартияга жеңилгенден кийин, байкоочулар социалисттердин лидери Сапатеронун сөзүн бетке тутушуп, Мадриддин тышкы саясатында мурдакыдан кескин өзгөрүүлөр болоорун айта башташты.

Аснар, америкалык талдоочу Симон Сөфэти айткандай, президент Буштун тышкы саясатынын өжөр жактоочусу эле:

- Эч ким, Британ премьери Блэрден башка эч ким АКШнын тышкы саясатына жана президент Бушка Аснардай өтө берилген эмес болчу. Бул - чыныгы, нукура жана терең берилүү эле.

Жаңы өкмөттү жетектөөчү Сапатеро элдин Ирактагы согушка каршы маанайына “май тамызып”, Улуттар Уюмунун атайын резолюциясы болбосо испаниялык аскерлерди 30-июнда - бийлик ирактыктарга өткөндөн кийин - чакырып алаарын кулак какты кылды:

- Мен Ирактагы согуш апаат экенин жана баскынчылык улантыла берсе, каргаша болоорун көп айтканмын. Бул жаңы дагы зобунчулук жана жек көрүүчүлүктөн башка эч нерсени алып келбейт. Мындан биз сабак алышыбыз керек.

Сапатеро ошондой эле Испаниянын тышкы саясаты Ирактагы согуштун каршыларынын көч алдында турган Германия менен Франция тарапка бурулаарын эскертти.

Ырасмий Вашингтон ынакташ Испаниянын жаңы жетекчилигинин мындай чакырыктарына чыртыйып калган жок. Ак Үйдүн дүйшөмбү күнү маалымдашынча, президент Буш өзү телефон чалып, Сапатерону жеңиши менен куттуктап, келечекте жаңы испан өкмөтү менен тыгыз иштөө үмүтүн билдирди.

Сапатеро өз кезегинде терроризмге каршы күрөшүү орчундуу маселе экенине көңүл бурган. Ак Үйдүн өкүлү Адам Эрели кабарчылар менен болгон кездешүүдө испан аскерлеринин Ирактан чыгып кетиши жөнүндөгү суроого “окуялар ар кандай нукта өнүгүшү мүмкүн” деп жылма жооп кайтарды:

- Ирактагы испаниялык күчтөргө токтолсок окуянын өнүгүшүн көрө жатарбыз. Айтылбадыбы, ал аскерлер үчүн Улуттар Уюмунун мандаты зарыл деп. Биз мындай мандат болооруна ишенебиз. Ошол эле учурда, биз айткандай, 30–июнда күнкорсуздук берилген шартта жаңы резолюция чыгышы мүмкүн.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Европа боюнча деректири Сөфэтинин ою боюнча, Улуттар Уюмунун резолюциясы чыгып, испаниялык жоокерлер Иракта калган чакта да Сапатеронун шайлоодон соңку сөзү “өз баасын жоготпойт”. “Сөздүн каймагы” - премьер-министрлик орунга келчү Сапатеронун Испания тышкы саясатта Кошмо Штаттарды ээрчибей Германия менен Францияга бурулат дегени. Мындай болсо, Сөфэтинин боолголошунча:

- Испания Евробиримдикке кайра кошулуу же аны менен бирдей кадам таштоо аракети менен Польша сыяктуу өлкөлөрдү жалгызсыратат жана келечекте коалиция алсырайт.

Сөфэти эртеби-кечпи Британия, Италия жана Польша сындуу Вашингтондун Ирактагы саясатын “лам дебей” колдогон өлкөлөр коомчулуктун пикири менен Испания эсептешет деп түкшүмөлдөйт. Анткени непада исламчылар коалицияга мүчө кайсы бир өлкөдө бомба чабуулун жасаса, элдин маанайы шайлоонун натыйжасына таасир этет.

XS
SM
MD
LG