Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

ГРУЗИЯ АЖАРИЯНЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН КАМАЛООГО АЛМАКЧЫ


Грузия Aжарияга каршы экономикалык сакция киргизүү тууралуу жарыясын ишке ашыра баштады. Бүгүн Түркия менен гана жалпы чек арасы бар Ажарияны Тбилиси деңизден, абадан жана кургактан тосмолоого киришти. Буга жооп кылып, Ажариянын президенти Аслан Абашидзе жумуриятта чукул абал жарыялады.

Грузияда ар бир президентке жикчилик (сепаратизм) жана башка аймактык коогалаң менен алектенүүгө туура келет. Звиад Гамсахурдиянын тушунда Түштүк Осетия көтөрүлсө, Эдуард Шеварднадзе бийликте турганда өлкө Түштүк Осетиядан да, Абхазиядан да айрылган эле. Эми Михаил Саакашвили ишке кирише элек жатып, Ажария менен алектенүүгө мажбур болууда. Учурда Ажариянын өз алдынчалык жарыялашы же куралдуу жаңжал чыгып кетээри күмөн, бирок кырдаал бир топ татаал.

16-мартта Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Жвания чек ара аскерлери Ажариянын деңиз жээгин, анын ичинде Батуми портун толугу менен курчоого алганын бышыктады.

Өткөн жекшембиде Грузиянын президенти Михаил Саакашвилини Ажариянын тартип коргоочулары жумуриятка киргизбей койгондон кийин, президент жумуриятка Тбилиси өкмөтүн таанууга бир күн мөөнөт берген эле. Ажариядан оң жооп болбогон соң, Саакашвили жумуриятты туш-тарабынан курчоого алдырып, экономикалык камалоо (блокада) тартибин киргизе баштады. Дүйшөмбүдө Тбилисиде кабарчылар менен жолукканда Саакашвили мындай деди:

- Биз Ажарияга бараткан ар бир кемени көзөмөлгө алып жатабыз. Жергиликтүү өкмөт парламенттик шайлоонун эркин жана акыйкат өтөөрүн, талапкерлер шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп, шайлоочулар эркин добуш берээрин жана эч ким аларды саясий ишеними үчүн куугунтуктабай тургандыгын кепилдемейинче, бул чаралар күчүндө кала берет.

Саакашвили "убактылуу чаралар" деп сыпаттаган чектөөлөрдүн айынан күнүгө Казакстандан жана Түркмөнстандан алынып келип, Батуми порту аркылуу Түркияга ташылган 200 миң баррел мунайдын экспорту үзгүлтүккө учуроодо. Тбилисиде бийликтер мунайды башка жол менен (Поти порту аркылуу) ташууну пландаштырып жатышат.

Ажариядагы кырдаалга Батыш өлкөлөрү кооптонуу менен байкоо жүргүзүүдө. Ажарияда Орусиянын аскер базасы жайгашкандыктан, куралдуу жаңжал чыкпаган күндө да, Орусия менен Грузиянын ортосундагы болжолдуу тирешүү оор кесепеттерге алып келиши ажеп эмес.

Ушуга байланыштуу, АКШнын Мамкатчысы Колин Пауэл жекшембиде Саакашвили менен телефондон сүйлөшүп, кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырды. Ал эми Мамдепартаменттин маалымат катчысы Адам Эрелинин айтымында, Вашингтон Маскөө менен түз байланышта болуп жатат жана Орусия тараптан түздөн-түз коркунуч келбесе, Ажариядагы орус аскерлери турактарында кала берет деген ишаарат болду.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму да четте калган жок. ЭККУнун маалымат катчысы Ричард Мөрфи биздин радиого буларды билдирди:

- ЭКК уюму абалдын курчушуна, орун алып жаткан кайым айтышууга тынчсызданат. Азыр Грузияда жүргөн биздин төрага - Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пассы тараптарды сабырдуулукка, бардык талаштарын тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырат.

Ажария менен чектеш Түркия Грузиянын аймактык биримдигине колдоо билдирди. Ал эми башынан эле Ажарияга жан тартып келген Орусия Тбилисини күч колдонуудан оолак болууга чакырды.

Шейшембиде Ажарияга Маскөөнүн мэри Юрий Лужковдун келгени маалым болду, ал аймактык чатакка аралашуу үчүн эмес, Ажариянын жетекчиси Аслан Абашидзеге колдоо көрсөтүү үчүн келдим деп ырастады. Ал эми апта соңунда Саакашвили менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Маскөөгө барып келген Абашидзе Ажарияда чукул абал жарыялап, ошол эле учурда Саакашвилинин талаптарын талкуулоого даяр экендигин да билдирди.

Байкоочулардын айтымында, Абашидзе 28-мартта өтө турган парламенттик шайлоодо элдин колдоосунан ажырап калуудан чочулап турган кези.

XS
SM
MD
LG