Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Иран МАГАТЭнин испекторлорун кабыл алат


Муну бүгүн Ирандын улуттук жогорку коопсуздук кеңешинин баш катчысы Хассан Рохани Токиодо ырастады. 27-марттан тартып, Нооруз майрамы өткөн соң инспекторлор каалаган учурда эч кандай тоскоолдуксуз Иранга келип иштей алышат, деп айтты Рохани. Бу күндөрү ал Жапонияда визит менен жүрөт. Ырасмий Тегеран өткөн аптада Иранды сынга алган МАГАТЭнин резолюциясынан кийин инспекторлордун кезектеги визити белгисиз мөөнөткө чейин токтотула тургандыгын айткан эле. Тегерандын бүгүнкү чечимин кубаттап, МАГАТЭнин башкы директору Мохаммед ал-Барадейи Иран өзүнүн атомдук программасынын жайчылык максаттарга арналганын кызматташуу аркылуу гана далилдей ала турганын эске салды.

XS
SM
MD
LG