Жыйынга депутаттар, укук коргоочулар жана бейөкмөт уюмдардан, жумурияттын туш тарабынан келген өкүлдөр болуп баш-аягы 70тей адам катышты. Аларга бир топ милиция кызматкерлери көз салып турду.
Эсиңиздерге сала кетели - алты адамдын өмүрүн алган Аксы трагедиясына эки жыл болду. Ал 2002-жылдын каргашалуу ошол күнүндө депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразылык билдирүү максатында өткөн саясый акцияда алты атуул милициянын огунан каза тапкан. Аларды эскерүүгө чогулган жыйын куран окуу менен башталды. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов митингди ачып сөз сүйлөдү:
- Аза күтүү митингисинин катышуучулары! Аксы окуясына эки жыл болду. Ошого байланыштуу чогулуп отурабыз. Бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясында ок аткандарга жаза колдонулбай келгенин кейиштүү белгилегим келет. Ушул күнгө чейин жабыр тартып калгандардын тынч албай жатканы да ошондон болууда. Саясый акциялардын уланып жатышына ок аткандардын жазаланбай калганы себеп болууда.
Жыйында ырчы Сагынбек Момбеков жабыр тарткандарга кайрат айткан ырын ырдады. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Аксы окуясында набыт болгондорду мындай деп эскерди:
-17-18-март күндөрү кыргыз эли үчүн демократияны, мыйзамдуулукту эңсеген адамдардын күнү болуп калды. Анткени эки жыл мурда беш атуулубуз демократия үчүн, эгемендүү сот үчүн өз өмүрлөрүн берген. Маркумдарыбызга, кайгы жеп калган тууган-уруктарга башыбызды ийип таазим кылабыз.
«Кыргызстан коммунисттери» партиясынын жетекчиси Апсамат Масалиев сөзгө чыкты:
- Биринчиден, биздин республика үчүн бул өтө кейиштүү окуя болду. Азимбек Бекназаровду камактан чыгарып койгондо Аксы окуясын алдын алган болот эле. Кан төгүлбөйт эле. Бирок бийликтегилер биз айтканга кулак салбай, коркутабыз деп отуруп ушул абалга жетишти. Бийлик күнөөлүү деп эсептейм.
Апсамат Масалиев андан ары Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун Аксы окуясында күнөөлүүлөр жазаланбаганы туура эмес. Эртели-кеч алар жазаланышы керек деп айтканын колдогон пикири менен сөзүн жыйынтыктады.