Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

СИРИЯДАГЫ КҮРТТӨР ӨЗ ТАЛАМЫН ТАЛАШЫП ЖАТКАН ЧАКТА, АНЫН КОҢШУЛАРЫ ЖАКАЛАРЫН КАРМАНУУДА


Аким Өзгөн, Стамбул, Түркия Сирийада күрттөр менен арабдардын өз ара кагылышууларынан улам аймакта жаралган опурталдуу кырдаал коңшуларын да тынчсыздандырууда.

Өткөн жуманын айагында Сирийанын Түркийанын чегарасына жакын Хасеки шаарына караштуу Камышлы ооданында келип чыккан күрт-араб кагылышуусунан улам аймакта пайда болгон олуттуу кырдаал Саддам Хусейиндин Халепче кыргынынын 16-жылдыгына туш келип, калайык маанайына ого бетер бүлүк салды. Түркийанын бийлик чөйрөлөрү өлкөнүн Сирийа тараптагы чегара тилкесинде коопсуздук чараларын күчөттү.

Кечээ (шейшемби күнү) Сирийанын Түркийага чегаралаш конуштарында жана Халеп шаарында миңдеген кишилер Халепче окуйасын эскерүү үчүн жана Камышлыдагы араб-күрт салгылашуусуна каршы нааразычылык билдирүү максатында көчөлөргө чыгышты.

Белгилүү болгондой, 1988-жылдын 16-март күнү Саддам Хусейин Ирактын түндүгүндөгү Халепче шаарындагы күрттөргө каршы уулуу газ колдонуп, анын натыйжасында 5000дей бейкүнөө күрт өлүп, көптөгөн жазыксыз кишилер майып болгон эле. Тарыхта Саддам Хусейиндин Халепче кыргыны деп калган бул окуйанын 16 жылдыгын эскерүү иш-чараларынын учурунда өзүлөрүнө таш жана сойулдар менен чабуул койгон демонстранттар менен сириялык коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда келип чыккан кагылышуунун айынан Халеп шаарында бери дегенде 5 киши набыт болгону кабарланды. 30 чакты адам жаракат алып, миңге жакын киши убактылуу камакка алынган. Руселайн аталган оодандагы салгылашуулар учурунда атылган октор чегаранын Түркийа тарабындагы жайларга да жетип, Сирийа тараптан атылган октор бир канча адамды жарадар кылды.

Сирийадагы күрт-араб кагылышуусу Иранды да кабатырга салып, Тегерандын бийлик чөйрөлөрү күрттөр жашаган бир катар райондордо коменданттык саат жарыйалашты.

Батыштык жана айрым түркиялык сайасий байкоочулардын пикиринде, күрттөрдүн Сирийадагы бул баш көтөрүү аракети кокусунан болгон бир окуйа эмес. Алардын пикиринде, өзгөчө, өткөн жумада Багдатта кол койулган, ошондой эле, күрттөргө кеңири укуктар ыйгарган убактылуу башкы мыйзам Сирийа жана Иранда жашаган күрт коомчулуктарында да жаңы саясий үмүттөрдү жаратты. Бул окуя 10 миллиондон ашык күрттөр жашаган Түркийада дагы кабатыр ойлорду пайда кылды. Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Сирийадагы тараптарды сабырдуулукка үндөп: “Күрттөр менен арабдардын ортосундагы кагылышуулар күрттөргө да, арабдарга да, Сирийага да, Түркийага да пайда алып келбейт”, - деди. Чегаранын аркы өйүзүндө чыккан «өрт» Түркийага да жайылып кетпес бекен? деп берилген суроого жооп кайтарып, Гүл: “Эмне үчүн чачырасын? Түркийада күрттөр менен түрктөр салгылашып жатабы?» - деп ачууланды.

Сирийадагы окуйаларды батыштык басма сөздөр да кылдат байкап, бул окуйалар кириптер кылышы ыктымал болгон натыйжаларга сереп салышууда. «Крисчен сайенс монитор» басылмасында бул тууралуу жарыйаланган бир макалада Сирийада болгон окуйалар “кийинки мезгилде Ирактагы күрттөр утуп алган сайасий эркиндиктер коңшулаш мамлекеттерде жашаган күрттөрдү козутуп жибериши ажеп эмес” деген пикир билдирилет. Гезитте айрым серепчилердин “Күрттөрдүн эгемендүүлүккө жетүүгө далаалат кылуусу аймакты күкүрттүү челекке айландырат”, - деген жоромолдоруна шилтеме берилген.

Түркийадагы айрым аналитиктер болсо, “эгерде Түркийа демократийалашуу багытынан тайбаса, жана ЕБге мүчө болуу мүдөөсүн улантып, талап кылынган реформаларды ишке ашыра берсе, анда Сирийадагы окуйалар Түркийада кайталанбайт” деген пикирде.

XS
SM
MD
LG