Шаршемби күнү Косоводо тутанган араздашууда албан козголоңчулары аймакта отурукташкан сербдердин ондогон үйлөрүн өрттөп, короо-жайы менен мүлкүн талкалап, тоношту. Аймакта тынчтыкты орнотуу миссиясы менен жүргөн НАТО аскерлеринин унааларын кыйратып, өрттөштү. Кандуу жаңжалда 22 киши курман болуп, жарым миңден ашуун киши жараат алды, жарадар болгондордун 200нүн ахвалы өтө оор экени маалымдалат. Албууттанган албандарды токтотуу үчүн арачы түшкөн Улуттар уюмунун полициясы жаңжалда 61 полисмен, ал эми НАТО аскерлери 17 солдат жарадар болгондугун маалымдады. Кыжырданган албандар чиркөөлөргө да кол салышкан. Косоводо тутанган башаламандыктарга эрегишкен этник сербдер болсо Белград жана Нис шаарларындагы мечиттерди талкалашкан.
Шаршемби күнкү жаңжал албандар менен сербдер отурукташкан Косовска-Митровица шаарында сербдер албан үч баланы дайрага чөктүрүп жибергенден башталган. Балдардын экөө курман болгон, бирөөнүн дайыны али билине элек. Балдардын өлүмү үчүн өч алууну көздөп, шаардын сербдер жашаган бөлүгүнө умтулган албандарды полиция жаш агызуучу газ жана желим октор менен аткылап, таркатканга аракеттенген.
Бейпилдик күчтөрүнүн арачы түшкөнүнө карабай жаңжал көз ачып-жумганча Косовонун баш калаасы Приштинага, Грачаница, Призрень, Гниланье деген жерлерге жайылып кеткен. Провинциядагы ахвал азыр да тынчтый электиги маалымдалат. НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн өкүлү Жами Шеа региондо тынчтыкты орнотуу үчүн НАТО аскерлери болгон аракетин жасап жатканын билдирет.
Кандуу калабалар болоору менен аймактын албан жана серб тургундарына Косовонун президенти Ибрагим Ругова кайрылып, элди тынчтанууга чакырды.
"Митровицанын тургундары тынчтангыла! Жаңжалдын ырбап кетиши Косового жакшылык албып келбейт",- деп эскертти Ругова. Ал эми бейшемби күнү кечинде серб өкмөт башчысы Воицлав Коштуница кабинеттин чукул жыйынын өткөрүп, сербдер менен албандарды тынчтанууга чакырды. Ошону менен бирге эле премьер маселени чечүү үчүн Косоводо отурукташкан серб жана башка албан эмес азчылыктарды коргоо үчүн конкреттүү чара көрүү керектигин баса белгиледи.
"Косоводо сербдер үчүн автономия түспөлүндөгү аймактарды түзүү зарылчылыгын бүгүнкү окуялар дагы бир жолу бышыктады. Андай автономиялуу чөлкөмдөр Косоводо жашаган сербдерге эларалык бейпилдик күчтөрү камсыз кыла албаган коопсуздукту кепилдей алат",- деди Коштуница. Ошол эле маалда өкмөт башчы аймакта тутанган жаңжалга серб аскерлери кийлигишпей турганына ишендирди. "Андай кийлигишүү өлкө менен НАТОнун ортосунда уруш чыгарышы мүмкүн"- деди ал.
90-жылдардын соңунда Косово автономиясын толук жок кылып, аймакты өзүнө кыңк эттирбей баш ийдирүүгө аракеттенген Сербия Косового өз аскерлерин киргизип, каршылык кылган албандарга кыргын салган. 1999-жылы Сербиянын аскердик объекттерин бомбалап, серб аскерлерин Косоводон сүрүп чыгарган НАТО бул региондо бейпилдик орнотуу миссиясын аркалап келатат. Региондун өзү болсо Улуттар уюмунун башкаруусунда.