Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:46

ИРАКТАГЫ СОГУШКА БИР ЖЫЛ БОЛДУ


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары Ирактагы согуштун башталганына бир жыл болду. Өткөн он эки айда дүйнөдөгү репрессивдүү режимдердин бири кулатылды, эми Иракты кайра куруу иштери жүрүп жатат. Бирок өлкөдөгү кырдаал дале коогалаңдуу бойдон калды.

Ирактагы согуш өткөн жылдын 20-мартында башталган. Президент Жорж Буш анын буйругу боюнча коалициянын күчтөрү Саддам Хусейнди согушканга арка-дармандан ажыратуу үчүн аскерий маанидеги буталарга ылгап сокку ура баштаганын жарыялаган. Биринчи жапырыктарды Буш кеңири жана жарнакташкан кампаниянын баштапкы баскычы деп атаган.

Саддамдын төбөлдөрү,анын ичинде ошо кездеги Ирактын Москвадагы элчиси Аббас Халаф америкалыктарга бул согуш бакчадагы сейил болбойт, тескерисинче, анык кандуу булоон болот,ушул себептен улам алар жакын арада жердеги операцияларын баштай албайт деп ишендиришкен.

Бирок арадан үч апта өтпөй америкалык аскерлер Багдадды алышты. Саддам баш болуп бардык бийлик төбөлдөрү алдаалап качып, жер жуткандай жоголуп кетишти. Кийин алардын көбүн, экс-диктатордун өзүн кубур-кычыктарда, жертөлөлөрдө башын катып жаткан жеринен таап чыгышты. Президент Жорж Буш былтыр 1-майда бүткүл Иракта согуш бүткөндүгүн жарыялады.

Эски режимдин аркалуу делинген армиясы эмне үчүн коалицияга каршылык көрсөтө алган жок? Британдык эксперт Филипп Митчеллдин айтымында, Ирактын тандалма аскер бөлүгү - республикачыл гвардия гана анча-мынча баш көтөрүмүш болду, ал эми калган отряддардын баары уруштун усулун билбеген, өңчөй тажрыйбасы жок, анын үстүнө Саддамга анчейин деле берилбеген жоокерлерден куралган эле. Аларга жалчыбаган маяна төлөшкөн, “үкүнүн уясында” болсо жалаң тандалма адамдар – бийлик төбөлдөрү менен жогорку генералитет отурушкан, ошондуктан карапайым жоокерлер алардын кызыкчылыгы үчүн башын өлүмгө сайгысы келбей, куралдарын таштап, багынып беришти.

Ошентип, согуштун баштапкы этабы кайсоорун жеңиш менен аяктады. Эксперттик эсептерге ылайык, өткөн бир жыл ичинде аскериси жана бейаскериси болуп 12 миңден 16 миңге чукул ирак тургуну өлдү. Коалиция болсо 665тей жоокерин жоготту, болгондо да алардын 75 процентке жакыны Иракта согуш бүттү деп жарыялангандан кийин набыт болду. Азыр күнү куру эмес Иракта бомба жарылып, куралдуу кагылыш чыгып турат. Бейшемби күнү эле ушундай кыянаттан алты кишинин өмүрү кыйылды. Байкоочулар Иракты акырындап ар кошкон террорчулардын уюгуна айланып баратат дешет.

Жума күнү күтүүсүз жерден Багдадга келип түшкөн Колин Пауэлл - Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы - террорчулардын Ирактагы максаттары ишке ашпайт деп билдирди. "Коалиция буга жол койбойт", - деп айтты Пауэлл. Террористтер жеңишке жете албайт, анткени алардын аргасы куруй баштады. Иракта коалиция эркиндик жана демократия үчүн,ирак эли үчүн күрөшүп жатат, деп белгиледи америкалык катчы.

XS
SM
MD
LG