Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

АПТАНЫН БАШКЫ ОКУЯЛАРЫ: АКСЫ КАРГАШАСЫН ЭСКЕРҮҮ, ПОЛЬША САПАРЫ, АТБАШЫДАГЫ КЫРСЫК


Кыргызстанда кыш жылуу болгону менен жаз жаанчыл. Кар аралаш жаандын айынан көчкүлөр көп жүрүүдө. Атбашы тоолорунда тикучак кырсыкка кабылды. Республиканын биртоп канжолдорун кар көчкү басып, катнаш кыйындоодо. Бул арада президент А.Акаев Польшага расмий сапары менен, парламенттин палата төрагасы Абдыганы Эркебаев делегация баштап Иранда болушту.

15-мартта президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегациянын Польшага, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген парламенттик делегациянын Иран Ислам республикасындагы үч күндүк иш сапары башталды. Президент А.Акаев Польшанын расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, ишкер чөйрөлөрдүн жыйынына катышып сөз сүйлөдү. Бул А.Акаевдин Польшага экинчи иш сапары, биринчиси 1998-жылы өткөн. 2002-жылы Польша президенти Александр Квасьневский Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 6 миллион ашуун долларды түзгөн.

Дүйшөмбүдө Атбашы тоолорунда уучулукта жүргөн аңчыларды куткармакчы болуп барган Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тикучагы асманга көтөрүлө берген жерден кулап түштү. Кырсыктан эки киши каза таап, 12 адам жаракат алышты. Тикучактын эмнеден, кандай себептен кулап түшкөнү азырынча тактала элек. Москвадан чакыртылган эки адисти кошуп атайын комиссия кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө. Айрым маалымдоо каражаттарынын ырасташынча Кыргызстан кайберендердин жазгы төлү башталганда аңчылыкка уруксат берүүдөн, тоо арасында тикучактардын кырсыкка арбын кабылышынан олуттуу сабак ала элек.

Ала баарда күчөгөн жаан-чачындан улам республиканын түндүгү менен түштүгүн, чыгышы менен батышын байланыштырып турган канжолдордун көбүн кар көчкү басып, ортодогу катнаш үзүлдү. Көнөктөп жааган жамгырдан эзилип Өзгөн районундагы эки мектеп урап түштү. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги мектепсиз калган айыл окуучуларына чатырлар жеткирип, күн жылыганда чатырда сабак окушуна шарт түзүп берди.

17-мартта мындан эки жыл илгери кыргыз милициясынын огунан курман болгон аксылык жигиттерди эскерүү жыйындары өттү. “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдыраимов Аксыда өткөн эскерүү жыйындан репортаж уюштурган. Ошондон үзүндү угуп көрөлү:

-8 жаштагы Асел курман болгон атасы Кадыркул Сапаралиевге төмөнкү ырын арнап жыйынга келгендердин баарын жашытты.

Ай-жылдап тигип кураган
Артыңда калды бак-тамың.
Апамды, бизди боздотуп,
Атаке, кантип таштадың?
Эмгиче билбей эл жүрөт,
Эмнеде экен күнөөңдүн.
Алиге сыздайм жүрөгүм
Атасын көрсөм бирөөнүн.
Желдеттин аткан огунан,
Кыйылды кырчын курагың.
Билмексен болуп кутулган,
Бийликке жетсин убалым!

Жыйын соңунда кыргыз элине, дүйнөлүк коомчулукка, адам укугун коргоочу жана саясий уюмдарга, эркин маалымат каражаттарына кайрылуудан тышкары үч талаптуу резолюция кабыл алынды.


Ушул эле күнү Кыргызстанга Европа биримдигинин тышкы иштер комиссары Кристоффер Паттен келди. Бийлик башчылары, саясий күчтөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда Кристоффер Паттен Бишкекте Евробиримдиктин өкүлчүлүгү ачыларын билдирди. Европа биримдиги Кыргызстанда демократиянын байралышына кызыкдар экенин айтты.

Жума күнү Бишкекте ишкерлердин “Көмүскө Кыргызстан же күнөстүү Кыргызстан” деген аталышта жыйыны өттү. Жыйында Кыргызстандагы “көмүскө экономика” жайында кеп жүрдү, анын чыгыш себеп-жөнү талдоого алынды. Адистердин айтымында, жашыруун иш жүргүзүүнүн себептери биртоп, ириде ал салыктардын оорчулугуна, ат тезегин кургатпай келе берчү текшерүүчү-тескөөчүлөрдүн көптүгүнө, мамлекеттик чиновниктердин алкынын ачылышына байланыштуу. Коом турмушунда коррупция көнүмүшкө айланып жаткан чакта “көмүскө экономиканы” коңулдан сыртка чыгаруу оголе кыйын милдет экени айтылды.

XS
SM
MD
LG