Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

ИРАКТЫ КИМ ИРИТТИ?


Ирактагы согуштун бир жылдыгына байланыштуу дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө массалык демонстрациялар болуп өттү. Манифестацияга чыккандардын дээрлик баары бул согушту айыпташты. Андан бир күн мурда АКШнын президенти Жорж Буш дүйнө коомчулугун террорго каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган эле.

Согушту айыптаган демонстрациялар жума күнү АКШнын өзүндө - Сан-Франциско шаарында башталды. Азан-казан эл катышкан жыйындар эми Нью-Йоркто, Чикагодо, Лос-Анжелесте жана башка капкалуу калааларда болмокчу. Австралиядагы аламан митингдерде өлкөнүн премьер-министри Жон Ховардды элдин каршылыгына карабастан Иракка аскер контингентин жибергени үчүн катуу сындашты. Токиодогу, Сеулдагы манифестацияларда да ушундай апаздар айтылды. Испаниядагы демонстрацияларды уюштурганга алтымыштан ашуун саясий топтордун жана партиялардын активисттери катышты. Британиядагы, Италиядагы жыйындарда азыркы өкмөт башчыларына ачкыл-кычкыл сөздөр багышталды.

Президент Жорж Буш болсо жума күнкү сөзүндө терроризге каршы күрөштү ар бир өлкөнүн жана өкмөттүн башкы борчу деп атады. Буштун айтымында,жер шарындагы бир дагы мамлекет же бир дагы регион террордук кусаматтын куясынан кутула алган жок. Ар бир террордук иш элдин үшүн үркүтүп,аларды араздаштырганга арналган кыянатчылыкты билдирет. Ошондуктан ар бир террордук ишке кабырга кайыштырып гана тим калбастан жанкечтилерге каршы ого бетер чечкиндүү жана айбарлуу аракеттер менен жооп кайтарылышы керек. Цивилизация менен террордун кармашында бейтарап калганга болбойт, деп айтты Буш. Анткени жамандык менен жакшылыктын, эркиндик менен кулчулуктун, өмүр менен өлүмдүн ортосунда бейтарап позиция болбойт. Террорго каршы күрөш тек бир чечендик кеп эмес, адамзаттын азыркы мууну туш болгон проблема. Террористтерге эркин өлкө катары жашагысы келгендер жакпайт, деп белгиледи Буш.

Ирактагы согушка кайрылып, Буш бул маселеде “эски жана кадырдан достордун арасында араздашуулар болгонун,эми анын баары артта калганын” ырастады. Ирак диктаторунун кулатышы менен Жакынкы чыгышта коркунучтун жана агрессиянын башкы очогу жок кылынды, деп айтты Буш.

Бирок Буштун көз караштары менен баары эле, биринчи кезекте быйыл күздөгү президенттик шайлоодо анын башкы атаандашы болот деп аталып жаткан сенатор Жон Керри макул болгон жок. Жорж Бушту ал согуш баштарда мурдагы ирак режиминин массалык кыргын куралдары бар деп айтып,элди алдаган, эми болсо согуштун чыгымы канчага туруп жатканын америкалыктардан жашырып жатат деп айыптады.

Эксперттердин эсептерине караганда,акыркы бир жыл ичинде америкалыктар Иракта 570тей жоокерин жоготту, орточо ай сайын 30-40 кишисинен ажырап турушат. Коалициянын калган мүчөлөрү ар бир айда болжол менен беш адамын жоготууда. Ал эми ирактыктар арасында ар бир айда 100дөн 200гө чейин бейжазык адамдын өмүрү кыйылууда.

ООНдун баш катчысы Кофи Аннан сауд арапстанда чыгуучу “Ал-Хайят” гезитинде жарыяланган маегинде Иракта күнү куру эмес бомба жарылып, карапайым адамдар көчөгө чыккандан жалкып калганын айтып, мунун баарын прогресс деп айтканга болбой тургандыгын белгиледи. ”Урушуп жаткандардын кимиси террорду жаратканын билбейм, - деп айтты Аннан, - бирок мындан бир жыл мурда Иракта террор деген жок эле,эми ал жайылып кетти.

Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен да “Монд” гезитиндеги сукбат кебинде Аннандын дал ушул оюн кайталады.”Мурда Иракта терроризм болгон эмес эле. Бүгүн ал терроризмдин дүйнөдөгү башкы очокторунун бирине айланды”, деп көрсөттү француз министри.

XS
SM
MD
LG