Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Испания Европа өлкөлөрүн терроризмге каршы стратегия иштеп чыгууга чакырды


Испаниянын премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро бүгүн Евробиримдикти террорчулукка каршы стратегия иштеп чыгууга чакырды. Ал өзүнүн «Эл Пейс» аттуу гезитке берген макаласында март айындагы жардыруулардан 200дөн ашык адам өлгөндүгүн маалымдады. Сапатеро террорчулуккка каршы күрөш Европа өлкөлөрүнүн артыкчылык берилген иши болуп калышы керек деп билдирди. Анын айтымында, террорго каршы күрөшүүнүн стратегиясы европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин 25-26-мартта боло турган жолугушуусунда талкууланууга тийиш.
Маалыматтарга караганда, ишемби күнү террактка катышы бар деп кармалган 5 адамга күнөө коюла элек. Алар «жардырууда биздин күнөөбүз жок» дешүүдө.

XS
SM
MD
LG