Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

ООГАНСТАНДА ДАГЫ БИР МИНИСТР НАБЫТ БОЛДУ


Кубат Оторбаев, Прага 21-мартта – жекшембиде Ооганстандын атуулдук авиация жана туризм министри Мирвайс Садык кол салуудан набыт болду. Ал – Герат провинциясынын губернатору Исмаил Хандын баласы. Мирвайс Садык Гераттын аскер күчтөрүнүн башчысы, генерал Захир Наибзаденин кол астындагыларынын аткан огунан каза тапканы белгилүү болду. Натыйжада Исмаил Хан менен Захир Наибзаденин аскерлеринин ортосунда кандуу кармаш жүрдү.

Мирвайс Садыктын автомашинасына ал Герат шаарында иш сапары менен жүргөндө гранатометтон ок атылды. Маалыматтарга караганда, М.Садыктын жанында Гераттын коопсуздугуна жооп берген аскер жетекчиси жана маңзаттарга каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкери болгон – алар дагы кол салуудан каза табышты.

Бул кандуу окуядан кийин, полициянын маалыматы боюнча, Мирвайс Садыктын атасы Исмаил Ханга баш ийген куралдуу күчтөр менен Гераттын аскер төбөлү, генерал Захир Наибзаденин кол астындагылар ортосунда кандуу кармаш жүрүп, бери дегенде жүздөй адам окко учушту. Маалымат үчүн айтып өтөлү – генерал Захир Наибзаде борбордук Ооган өкмөтүнүн курамындагы Коргоо министрлигинин аскерлерин Гератта башкарат.

Эске сала кете турган маалымат – Гератта буга чейин кош бийлик өкүм сүрүп келген. Талиптер кулагандан кийин Герат провинциясына Исмаил Хан өз бийлигин орнотуп, аймакты башкарып турган болчу. Өткөн жылы Гератта Ооган президенти Хамид Карзайдын өкмөтүн колдоо максатында Герат кеңеши деген түзүлүп, ага провинциядагы кадыр-барктуу адамдар кирген.

Гераттагы пуштундардын аксакалы Азизулла Ладиндин айтымында, министр Мирвайс Садык анын атасы – губернатор Исмаил Хан менен генерал Захир Наибзаденин кырды бычак кармашынын курмандыгы болду:

– Гераттын тургундары борбордук өкмөттү колдоо максатында кеңеш түзүшкөн. Анткени эл жергиликтүү мыктычыкмалардан жана аскер башчылардын башкаруусунан тажашты. Куралдуу күчтөрдүн генералдары, анын ичинде Наибзаде дагы бул кеңешке кирген болчу. Ал эми Исмаил Хан мындай кеңештин түзүлүп, иштешине каршы чыккан. Кеңешке мүчө болуп кирген айрым генералдар борбордук өкмөт өз бийлигин Гераттын аймагында да жүргүзүүнү колдошкон болчу. Мына ушул себеп – Исмаил Хан менен генерал Наибзаденин ортосуна чок таштады. Анын каскагы болсо ушундай кырды бычак кагылышууга алып келди, - дейт Гераттагы пуштундардын аксакалы Азизулла Ладин.

Акыркы маалыматтарга караганда, баласынан айрылган Исмаил Хан Захир Наибзадеге согуш жарыялады. Губернаторго баш ийген куралдуу күчтөр генерал Наибзаденин үйүн жана Гераттагы бир нече аскер барактарын алды. Наибзаденин өзү болсо там-ташын таштап, качып кетүүгө аргасыз болду.

Анын алдында генерал Захир Наибзаде “Азаттык” радиосунун кабарчысына телефон аркылуу маек куруп берген эле. Ал өз сөзүндө министр Мирвайс Садык алар Исмаил Хандын күчтөрүнүн чабуулунан коргонуп жатканда аткан октон каза болушу ыктымал деп билдирди. Ал кандуу кагылышуу Гераттагы бийликти борбордук өкмөткө өткөрүп берүүнү каалабаган Исмаил Хандын кылган кылыгы деп билдирди:

– Биздин ортобуздагы айырма айдан-ачык. Биз борбордук өкмөттүн бийлигин өлкөнүн баардык аймагына жеткирүүнү көздөйбүз, алар болсо муну каалашпайт. Алар мурдагыдай эле күчтүү бойдон калып, обулсту башкарууну уланкысы келишет. - дейт Захир Наибзаде.

21-март - жекшембинин кечинде Ооган президенти Хамид Карзай чукул жыйын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрү менен Гераттагы абалды жана министр М.Садыктын өлүмүнө байланыштуу кырдаалды талкуулады. Кеңешменин соңунда борбордук өкмөт Гератка 1500 аскер жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Ооган коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки батальон аскер 22-мартта жолго чыкты.
Ал эми губернаторго баш ийген генерал Масундун айтымында, облустагы иштерге Захир Наибзаде кийлигишкенге чейин Гераттагы кырдаал дурус болчу дейт:

– Менимче, коопсуздук турукташып калган жана Гератта баары тынч болчу. Ошондуктан улуттук армиянын батальонун Гератка жиберүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок эле. Менимче бул – туура эмес.

Айтор, Ооган өкмөтүнүн баардык көңүлү Гератка бурулуп турган чак. Президент Хамид Карзай губернатор Исмаил Ханга көңүл айтты. Кошмо Штаттардын Ооганстандагы элчилиги каршылашып калган тараптарды мындан ары кан төгүүгө жол бербегиле деп сабырга чакырды.

XS
SM
MD
LG