Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

"АЛ-КАИДАНЫН" АЛЫ КАНЧА?


Пакистан армиясы “ал-Каидананын” согушчандарына каршы багытталган кеңири масштабдуу операциясын улантып жатат. Соңку күндөрү террордук уюшманын жогорку жетекчилеринин айрымдары колго түшүрүлдү деген кабар тараган эле. Буга байланыштуу кээ бир эксперттер Осама бин Ладендин өзү кармалса да, муну менен террорчулардын карасанатай иш-аракеттери токтойт деп айтууга болбойт дешүүдө.

Пакистандын Ооганстан менен чегарасындагы түштүк Вазиристан вилайетинде Осама бин Ладендин орун басары египеттик Айман ал-Завахри кармалды деп болжолдолдонгон эле. Бирок пакистандык жана оогандык ырасмий адамдар колго түшүрүлгөн адам бин Ладендин Ооганстандагы шериги - улуту өзбек Тахир Юлдашев болушу ыктымал деген жоромолун айтып чыгышты.

Аналитиктер болсо “ал-Каиданын” анабашылары туткундалып же көздөрү тазаланса да, уюм өзү жок болуп кетпейт деп ырастап жатышат. “Ал-Каида” террордук топ деп аталып жүргөнү бекер жеринен эмес, - дешет адистер.

Маселең, Вашингтондогу изилдөө борборунун аналитиги Марк Бюргесс “ал-Каиданын” лидерлери Ооганстанда эркин иш алып бара албай калса да, алар өз максатына жетүү үчүн аракеттерин улантууга кудуреттүү кала беришүүдө деп эсептейт:

- Терроризмге каршы согуш "ал-Каиданын" лидерлерин ар кайсы жакка таркап кетүүгө мажбур кылды. Анын натыйжасында уюмдун ичинде борбордошкон жетекчилик эмес, көпчүлүк убакытта жергиликтүү кол башчылар буйрук берген учурлар көбүрөөк байкала баштады. Уюм, мындайча айтканда, лидерсиз жетекчиликке ээ болуп калды, - дейт Бюргесс.

Дагы бир вашингтондук эксперт Даниель Плетканын пикиринде болсо “ал-Каиданын” салттуу иерархиялык структурасы жок болгондуктан ал өзгөрүүгө жеңил:

- “Ал-Каида” горизанталдуу түрдө түзүлгөн. Чечмелеп айтканда, жалпы идеологиялык принциптерди туу туткан топтор бири-бири менен байланышып турат. Кээ бирлери бир эле жерде машыккан болуп чыгышы да ыктымал. Аларды бир эле кол башчы жана бир көздөгөн максат бириктириши мүмкүн. Ошол эле мезгилде алар өз алдынча да мыкты аракеттене алышат. Андыктан, уюмдун төбөлүн жок кылып салсаңар да, горизанталдуу система иштей берет.

Эки аналитик тең акыркы эки жарым жылдын ичинде дүйнөнүн булуң-бурчунда болгон терракттардын айрымдары "ал-Каидадан" башка согушчан ислам топторунун колунан келген иш болушу ажеп эмес деп эсептешет.

Анткени “ал-Каида” өзүнүн популярдуулугунан улам башка майда уюшмаларды өзүнө тарта алган. Кээ бир учурларда, балким, ал акчалай жардам же машыктыруу жаатында көмөк көрсөтүүдө. Бирок ошол майда топтор сөзсүз түрдө “ал-Каиданын” буйруктарын аткарат деп айтуу кыйын”, - деп ырасташат аналиктер.

Марк Бюргесс айрым терракттар болсо “ал-Каиданын” көрсөтмөсү менен эмес, анын таасири астында ишке ашырылган болушу ыктымал деп ырастайт.
Ошентип, эксперттер “ал-Каиданын” анабашыларынын кармалышы мусулман радикалдары батышка каршы согушун токтотушат дегендикке жатпайт деген жыйынтыкка келишүүдө. Ошол эле мезгилде, дешет алар, ал-Завахри өңдүү жетекчилердин колго түшүрүлүшү, албетте, "ал-Каиданын" иш-аракеттерине залакасын тийгизбей койбойт.

XS
SM
MD
LG