Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

КЛАРКТЫН КИТЕБИ АК ҮЙДҮН АЧУУСУН КЕЛТИРИП, ОППОЗИЦИЯГА ДЕМ БЕРДИ


Ак-Үйдө Ирак согушуна байланыштуу дагы бир жаңжал тутанды. Мындан эки айдай мурда АКШнын каржы министри Пол О’Нил “терроризмге каршы согуш башталаардан мурда эле Буш Саддамды кулатуу жолдорун издеп жүргөн” деген сөздөрү үчүн кызматынан айдалган эле. Эми Ак-Үйдүн терроризм менен күрөшүү боюнча мурдагы координатору Ричард Кларк “президент Буш “ал-Кайиданын” коркунучун көңүл сыртында калтырган” деп айтып, Ак Үйдү бушайманга салды.

“Бардык душмандарга каршы” ("Against
All Enemies") деп аталган китебинде Ричард Кларк (Richard Clarke) президент Буш Саддам Хусейнди кулатуу амалын издөө менен алек болуп, “ал-Кайида” туудурган коркунучка жетиштүү көңүл бурбай койгон деп баяндайт. Кларк 10 жыл бою Ак-Үйдүн терроризм боюнча эксперти болуп иштеп келген. Ал мындан бир жыл илгери, өзүнүн сөзү менен айтканда, “азыркы администрация Ал-Каиданы олуттуу коркунуч катары кабыл албагандыгы үчүн”, деп кызматынан чегинген.

Автордун жазганына караганда, ал президент Буш бийликке келээри менен анын коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райска кайрылып, терроризм маселесин жогорку деңгээлде талкуулоону сунуш эткен. Бирок Райс айым андай сунушту четке каккан.

“11-сентябрдын эртеси, - деп улантат Кларк, - Буш ага жана башка жардамчыларына “Саддамдын бул окуяга тиешеси барбы, ошону иликтегиле» деген буйрук берген».

Кларк «ал-Кайида» жоопкерчиликти өзүнө алганын эскерткени менен, «президент терракттар менен Саддамды байланыштырган кымындай болсо да фактыларды издөөнү улантуу зарылдыгы тууралуу сөзүн ачуулануу менен кайталады”- деп жазылат китепте.

Кларктын пикиринде, 11-сентябр үчүн жооп кайтаруу иретинде башталган Ирак согушу Американын дүйнөлүк аренадагы абройун кескин төмөндөтүп, арабдар менен мусулмандардын кастыгынын күчөшүнөн башка эч нерсе берген жок.

Ак Үй мурдагы кызматкеринин айыптоосуна дароо жооп кайтарды. Президенттин басма сөз катчысы Скотт МакЛеллан Кларкты “китебин рекламалап жатат” деп күнөөлөдү. Андан тышкары бул окуянын президенттикке башка бир талапкер Жон Керри менен байланышы да болушу ыктымал деп божомолдоду администрациянын өкүлү:

- Бул китеп президенттик шайлоого даярдыктар көрүлүп жаткан кезде пайда болду. Албетте, Кларк китебин рекламалоого кызыкдар. Эми саясат жагын алсак, анын эң жакшы досу – сенатор Керринин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Рэнд Биерс.

Кларк үч президенттин тушунда эмгектендиги үчүн АКШнын эки партиясы тең “анын айыптоолоруна көңүл бурбай коюуга болбойт” деп эсептешүүдө. Жекшембиде Буштун негизги демократ-оппоненттеринин бири, сенатор Эдвард Кеннеди: “Кларктын китеби президенттин стратегиясы терроризмге каршы күрөш жаатындагы регресске алып келгенин далилдейт”, - деп айтып чыкты.

Буштун республикачыл партиясынын айрым өкүлдөрү да, мисалы, сенатор Чак Хагел, Кларктын айткандарын көңүл сыртында калтырууга болбойт деп эсептээрин билдирди:

- Kларк - тажрыйбалуу адис. Анын айыптоолору да абдан олуттуу. Администрация аларга жооп берүүгө тийиш.

Эми Ричард Кларк 11-сентябрдагы окуяларды териштирип жаткан АКШнын көз карандысыз комиссиясынын суроолоруна жооп берет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG