Байкоочулар палестин радикалдары, айрыкча “хамасчылар” шейх Ахмед Яссинди жакасына табынып, этегине жыгылып дегендей олуясындай огожо тутушканын эске алып, эми жыйырма жыл анын кунун кууйт болуш керек деп болжолдошот. Бери эле дегенде “жол картасы” деп аталган пландын тагдыры арсар абалда калганы талашсыз.
Яссиндин өлүмү Евросоюздун Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышка багышталган дымактуу долбоорун да ойрон кылгансыды. Брюссел жарыялаган документте жалпысынан региондо терроризмди оздуктоо,анын ичинде жөөт-палестин жаңжалын жөнгө салуу максатында бир катар чаралар белгиленген эле. Атап айтканда, алдыдагы үч айда арап өлкөлөрү, палестин бийликтери менен жүйүр кеңештерди өткөрүп, документти колдон келсе жай ортосунда жогорку деңгээлдеги чоң жыйында бекитүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткан. Ушундай эле мааниде Вашингтондо даярдалып жаткан пландар эске алынып, европалыктар өздөрүнүн стратегиясын жүзөгө ашырууда АКШ,НАТО менен тыгыз кызматташууну көздөшкөн.
Эми мунун баары шейх Яссиндин өлүмүнө арап дүйнөсү кандай жооп кайтарат, ушуга жараша болот.Ошондуктан Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Брюсселдеги жыйында шейхти өлтүрүүнүн эч кандай жүйөөсү жок эле, деп билдирди. Муну тышкы иштер министрлер кеңешинде да белгилешкенин ырастап, Стро бул окуяга арап дүйнөсү байистүү мамиле жасаарына ишеним билдирди.
Яссиндин өлүмү, америкалык белгилүү эксперт Генри Сигмандын айтымында, Жакынкы Чыгышта демократияны, реформаны, соода-сатыкты жана башка иштерди жандантып-жайылтканы жаткан Кошмо Штаттарынын демилгесин да өтө кыйын ишке айлантты. Бул окуя “Хамасты” ого бетер күчтөнтүп, анын палестин тургундарынын арасындагы таасирин жогорулатат, бери эле дегенде “хамасчыларга” акаарат айткандар азыр аз калды, деп кошумчалады америкалык эксперт.
Америкалык эксперттин сөздөрүн ырастагансып, палестиналык бир тургун саясатта байисттүү көз карашты карманып келгенин, бирок Израилдин жоругу аны адисинен чыгарып, канын кайнатканын билдирди. Бүтүндөй бир өлкөнүн аскери авиациясы эки буту шал, коляскада жүргөн бир чогонок кишини бутага алып, аңдып жүргөнү акылга сыярлык иш эмес, деп белгиледи ал. Акыркы маалыматтарда Яссиндин өчүн алганга “хамасчылардан” тышкары бир нече экстремисттик уюмдар, анын ичинде “ал-Кайида” да кесенип жатканы айтылат.
Израилдин өкүлдөрү болсо шейх Яссинди алты санынан мүчөгөнү менен региондогу террорчулардын атасы, ”палестиналык Бин Ладен” болчу дешет. Израил армиясынын штаб башчысы Моше Яалон террордук инфраструктуранын башчыларын жок кылуу жалпы жанкечтилерге каршы күрөштүн маанилүү багытын билдире тургандыгын ырастады.
Вашингтондук ырасмий өкүлдөр, анын ичинде президент Буштун коопсуздук иштери боюнча жардамчысы Кондолиза Райс да “хамасчылардын” жетекчисин жанкечтилердин анабашчысы таризде сыпаттады. Ак үйдүн өкүлү Скотт МакКлеллан Вашингтон ар дайым Израил өзүн коргогонго укугу бардыгын, бирок бардык тараптар, анын ичинде жөөт өкмөтү да өз кадамдарынын салакасын эске алууга тийиш экенин эскертип келгенин белгиледи. Бирок “Хамас” - террордук уюм, шейх Яссин өзү да террор менен иришип келген болчу, деп айтты Ак үйдүн өкүлү.