Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ КОМИССИЯ КЛИНТОНДУ ДА, БУШТУ ДА «АЛ-КАЙИДАГА» БАЙЛАНЫШТУУ СЫНДАДЫ


Жаңыл Жусубжан. Прага Keчээ (шейшембиде) АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулду иликтеген көз карандысыз комиссия билдирүү жасады. Aнда мурдагы президент Билл Клинтон менен азыркы президент Жорж Уокер Буштун өкмөттөрү 11-сентябрдагы чабуулга чейинки доордо Осама бин Ладенге жана "ал-Кайидага" карата тийиштүү чара көргөн эмес деген сын камтылган.

23-мартта бул көз каранды эмес комиссиянын тергөөсүндө мурдагы жана учурдагы бир топ мартабалуу жетекчилер суралышты. Алардын бири - мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Буш администрациясынын 11-сентябрга чейинки ишмердүүлүгүн жактап сүйлөдү.

Пауэлл: "Бул администрация Америка Кошмо Штаттарына, анын кызыкчылыктарына жана дүйнөдөгү ынтымакташтарга терроризм келтирген коркунучту толук түшүнгөн. Президент бул ишке артыкчылык берген", - деп ырастады.

11-сентябрь боюнча комиссиянын суроолоруна Коргонуу катчысы Доналд Рамсфелд, Клинтондун мурдагы өкмөтүнүн мамлекеттик (тышкы иштер) жана коргонуу департаменттерин башкарып турган Мадлен Олбрайт менен Уилиам Коэн да жооп берди. Олбрайт айым бийлик Клинтондун администрациясынан Буштун адмиинстрациясына өткөндө көптөгөн саясий маселелерге, анын ичинде терроризмге жетиштүү көңүл бурулбай калды деген оюн айтты.

Бирок ушул эле күнү комиссия жарыялаган эки баяндамада (отчетто) бул эки администрация тең катуу сынга алынды. 10 кишиден турган көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү 3 миңге жакын киши каза тапкан 11-сентябрдагы чабуулдарга байланыштуу бир нече ай иштеп, көптөгөн мамлекеттик кызматкерлерди суракка алышкан эле.

Комиссиянын баяндамасында эки администрация тең "ал-Кайидага" каршы күч колдонбой, анын ордуна дипломатияга артыкчылык беришкени айтылат. Баяндамада Клинтондун тушунда Акүй Осама бин Ладенди колго түшүрүп, же өлтүрүүнүн бир нече мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген деп айтылат.

Документтерде ошондой эле Буштун администрациясына "Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода уюмунун имаратына жана Вашингтондогу Пентагон имаратына учактар келип урунганга бир күн калганга чейин, мындай чабуулдарга даярдык көргөн эмес" деген доомат тагылат.

Небраска штатынан шайланган сенатор Боб Керри – комиссиянын Демпартиядан белгиленген мүчөсү. Ал эки администрацияны бирдей сынга алып, "ал-Кайида" террордук уюму 1990-жылдардын этегинде Сауд Арабстанда "Хобар" мунарасында аскерлерди өлтүргөн, Чыгыш Африкадагы америкалык жайларга кол салган, Йеменде америкалык кемени жардырган деп ырастап, "эмне үчүн биздин армиянын колу-жолун бош койгон эмес, мен муну таптакыр түшүнбөйм" деп заманасы куурулду.

Бул угуулар жана комиссиянын билдирүүсү президенттик шайлоонун алдында турган өлкөдөгү саясий кырдаалды дагы курчутууда. Жорж Буш шайлоого "согуш президенти" катары катышып жатат, бирок анын атаандашы демократ Сенатор Жонн Керри Буштун саясаты тескерисинче өлкөнүн терроризмге туруштук берүү дареметин начарлатты деп ырастоодо.

Ушул аптада Ак үйдө мурда террорчулукка каршы күрөш бөлүмүн жетектеген Ричард Кларк Бушту «11-сентябрдын алдында Американы коргоп калуу үчүн тийиштүү чара көргөн жок» деп айыптап чыкты. Кларк президентке 11-сентябрдан кийин "ал-Кайидага" көңүл бурбастан, Иракты гана сүйлөп туруп алган болчу деп кине койду.

Буштун администрациясы 11-сентбярь боюнча комиссияга чалгын маалыматтарын толук мерчемде бербей келген. Президент Буш комиссиянын суроолоруна жабык эшик артында жооп берүүгө макул болгондон кийин, мунаса жетишилген. Азыр тергөө ишинин мөөнөтү узартылып, жыйынтык мурда пландалгандай жазында эмес, жай ортосунда чыгарылаары жарыяланды.

XS
SM
MD
LG