Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

ЕВРОБИРИМДИКТИН ЖАЗГЫ ЖЫЙЫНЫ АЧЫЛДЫ


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары Бүгүн Брюсселде Евросоюздун эки күндүк жыйыны башталды. Демейде жазгы саммитте шаркеттин лидерлери экономикалык маселелерди карап келишкен эле, бирок бу жолку жыйындын күн тартибине башкы тема болуп терроризм проблемасы коюлду. Жыйында ошондой эле евроконституцияга байланышкан талкуу-талаштар улантылат, мындан тышкары экономикалык маселелер каралат.

Европа Биримдигинин лидерлери өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги жазгы жыйынына Мадриддеги террордук кыянаттын азасы жана азары эски континентте али унутула элек кезде чогулуп отурушат. Мунун өзү күн тартибине коюлган башкы темага – терроризмге каршы күрөштүн проблемасына өзгөчө чалкеш маани берери талашсыз.

Анын үстүнө жыйында Евросоюздун жаңы демилгеси – шарттуу түрдө “Даркан Жакынкы Чыгыш” деп аталган долбоор каралат. Жаңы программа бүт бойдон терроризмди ооздуктоо максатын көздөйт. Союздун аткаруучу органы - Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди бул көрүнүштүн тамыры толук кыркылышы керек деп эсептейт, бирок бу жагынан европалыктар менен америкалыктардын стратегиясында таасын айрыма бар.

Терроризм – дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң чоң коркунуч, деп айтты Проди. Буга каршы европалыктар бардык мүмкүнчүлүктөрүн, максат-муратын жана күч-күрүн бириктирип аракеттенүүгө тийиш. Саммиттин башкы милдети да, Продинин айтымында, ушул багытты аныктоодо турат. Терроризмдин биротоло кылтасын кыркуу үчүн бардык ресурстар, техникалык жана гуманитардык каражаттар сарпталышы шарт. Бул иште, арийне, каруу-күчкө да таянуу зарыл, ошол эле учурда саясий ыкмалар, өз ара ымала табуу тарыйкалары андан кем эмес курал боло алат.

Проди Ирактагы согуш терроризмге каршы күрөшкө огожо боло албагандыгын кайталады. Мындан тышкары жөөт-палестин чатагын жөнгө салуу ишин узак мөөнөттүү антитеррордук кампаниянын маанилүү элементи деп атады. Брюсселдеги жыйын эл аралык террорго каршы күрөштүн бирдиктүү механизми, бул максатта атайын структура түзүү, анын жетекчисин дайындоо жөнүндөгү маселелерди карамакчы.

Евроконституцияга байланыштуу маселеде Проди жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылгандыгын белгиледи. Өзгөчө Испанияда өкмөт алмашкан соң документтин талашка түшкөн бир катар жоболору боюнча мунаса табылды. Мурдагы испан өкмөтү менен бирге бул маселеде негизги оппонент болуп жаткан Польшанын кабинети да айрым талаптарынан баш тартканга көңүлдөнө баштады. Иши кылып, конституциянын макулдашылган тексти быйыл жайдагы жыйында бекитилип каларына ишенич бар.

Ал эми Евросоюздун 2010-жылы экономикалык күч-кубат жагынан АКШга теңтайлаш абалга жетүү жөнүндө мындан төрт жыл илгери Лиссабондо кабыл алынган планы, Продинин айтымында, күмөндүү бойдон калды. Эгер олуттуу жылыштар болбосо, анда биз Лиссабондогу жыйында аныкталган мөөнөттө Япония менен Америка Кошмо Штаттарын кууп жете албайбыз, - деп моюнга алды Проди.

XS
SM
MD
LG