Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

АКШ - ӨӨНЧҮЛ, ”ХАМАС” - КЕКЧИЛ


Бейшемби күнү ООНдун коопсуздук кеңешинде Жакынкы Чыгыштагы жагдайга байланыштуу кезектеги резолюция колго салынып, өтпөй калды. Документтин долбоору Алжирдин демилгеси менен даярдалып, анда радикалдуу “Хамас” уюмунун жол башчысы шейх Яссинди өлтүргөнү үчүн Израил өкмөтү сынга алынган эле. Долбоорго коопсуздук кеңешинин он бир мүчөсү колдоп добуш берди, бирок Кошмо Штаттары ага вето салды.

Долбоордун демилгечилери, баарыдан мурда Алжир эми документти ООНдун башкы ассамблеясында добушка койгону жатышат. Ассамблеядагы 191 өлкөнүн эч кимисинде вето салуу укугу жок, бирок анын чечими милдеттүү күчкө ээ болбойт. Коопсуздук кеңешиндеги резолюциялар гана ООНго мүчө болгон өлкөлөр үчүн практикалык салакаларга алып келе алат.

Кошмо Штаттарынын ООНдогу туруктуу өкүлү Жон Негропонте АКШ резолюцияга каршы добуш берерин, анткени анда “Хамас” кыймылы жасаган террордук кыянаттар жөнүндө эчтеме айтылбаганын, региондогу жаңжалдын реалдуу абалын көрсөтө албаганын белгиледи. Мындай резолюция, америкалык элчинин ишениминде, региондогу тынчтыктын жана коопсуздуктун ишине көмөкчү боло албайт. Негропонте ошону менен бирге Израилди да коргогон жок.

Жөөт өкмөтүнүн аракети, анын айтымында, кырдаалдын кылоосун курчутту, жаңжалды жөнгө салуу боюнча америкалыктардын пландарын илгерилетүүнү кыйындатты. Израил армиясынын шейх Яссинди ракетадан атын өлтүргөнү бизди терең тынчсыздандырды, деп кошумчалады Кошмо Штаттарынын өкүлү.

Байкоочулар белгилешкендей, коопсуздук кеңешине сунуш кылынган резолюциянын долбоорунда “жайкын калкка каршы жасалган террордун бардык түрү” айыпталган болчу, бирок мындай кыянаттарды уюштуруп жаткан уюмдар аталган эмес эле. Дал ушул жүйөөдөн улам АКШ былтыркы жылдын башталышынан бери Жакынкы Чыгышка байланыштуу төрт резолюцияга вето салып, жаратпай койгон. Бул жолу да ошол оролдогудай иш болду.

АКШнын чечимин документтин башкы демилгечиси Алжир сынга алды. Алжирдин өкүлү, атап айтканда, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга байланыштуу проблемаларды кароодо ООНдун коопсуздук кеңешине үмүт кылуунун дегеле кажети жок дегендей кыязда ой айтты.

Израилдин элчиси Дан Гиллерман шейх Яссинди массалык кыргындын жана терроризмдин анабашчысы катары сыпаттап, ушу фактыны бышыктап, резолюцияга каршы добуш бергендерге ыраазылык билдирди. Жөөт элчиси ошондой эле палестиналыктар жөөттөрдү жек көрүүнүн ордуна өз балдарын сүйө билгенди үйрөнмөйүнчө региондо тынчтык болору күмөн экенин жашырбады.

Израил элчисинин бул сөздөрүн палестин автономиясынын ООНдогу өкүлү Нассер ал-Кидва сынга алды. Палестиналыктар өз балдарын сүйбөйт, ошондуктан аларды жөөттөрдү өлтүргөнгө айдактап, жанкечтилик иштерге жөнөтүп турат деген көз караш анык расизмди билдирет, деп айтты палестин элчиси.

“Хамас” уюму болсо шейх Яссиндин кунун кууп аларын жарыялаган. Радикалдардын саясий жетекчилеринин бири мындан бир күн мурда шейхтин өлүмүн жөөт премьери Ариэл Шарондун өлүмүнө баалады.

XS
SM
MD
LG