Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

БИШКЕКТЕ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КЫЗМАТТАШУУ КОМИССИЯСЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ ӨЗ КЕҢСЕСИН АЧАТ


Бүгүн Бишкекте соңуна чыккан Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча Комитетинин кезектеги бешинчи отурумунда экономикалык кызматташтыктан сырткары чек араларды чыңдоо, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери да каралды. Он жыл аралыгында Европа Биримдиги Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу багытында 200 миң евро бөлгөн. Келечекте азык түлүк коопсуздугу жана чек араларды чыңдоо багытындагы долбоорду ишке ашыруу макасатында каржылык жардам көрсөтүлүшү күтүлүүдө.

Бүгүн Бишкекте Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча Комитетинин кезектеги (бешинчи) отуруму болуп өттү. “Өнөктөштүк жана кызматташтык” келишимине ылайык өткөн бул жыйында соода-экономикалык кызматташуу, ошондой эле Кыргызстанга түз инвестицияларды тартуу маселелеринен тышкары Борбор Азиядагы коопсуздук, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери да каралды.

Кезектеги отурумдун жыйынтыгы жана андагы саясий пикир алышуулар тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков буларга токтолду.

- 25-мартта кызматташуу боюнча комитеттин жолугушуусунда өзгөчө экономика багытындагы маселеге басым жасалды. Бүгүнкү 26-марттагы отурумда саясий маселелер каралып, өлкөнүн демократиялык багытта өнүгүүсү, адам укуктары, массалык маалымат каражаттарына мамиле тууралуу ачык-айкын кеп болду. Эң негизги маанилүү нерсе - Орто Азиядагы коопсуздукту мындан ары арттырып, бекемдөө жолдору каралды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин кандай мүмкүнчүлүгү бар? Эмне жагынан жардам бере алат? Ушуга байланыштуу маселе да козголду. Ошондой эле баңгизаттарды жашыруун алып өтүүчү жолго бөгөт койуу, миграция маселеси, чек араларды модернизациялоо багытында иш алып барууга макулдаштык.

Отурумда Кыргызстан Ооганстанга экономикалык жардам берүү маселеси да каралган. Ооганстандын экономикасын көтөрүү максатында гуманитардык жүктөр Кыргызстан аркылуу ташылып, республиканын аймагында кичи ишканаларды ачуу жана андан чыгарылган продукцияларды Ооганстанга жөнөтүү маселеси каралган.

Ал эми бүгүнкү маалымат жыйынына катышкан Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча Комиссиянын Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысы Курт Юулдун айтымында: «Евробиримдикке бир айдан кийин 15 мамлекет мүчө болуп кирет. Дагы он мамлекет мүчө болуп кирүүгө даярданып жатат. Канчалык Европа Биримдигинин мүчөлөрү көп болсо, ошончолук Кыргызстандын соода-байланышы кеңейет. Ал үчүн Кыргызстан соода байланыштары тууралуу мыйзам актыларын Европанын стандартына ылайыкташы керек».

Курт Юулдун пикиринде, Европа Биримдиги Борбор Азияда суу-кубат, транспорт маселелери боюнча кызматташууга жана аймактагы талаш туудурган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө кызыкдар. Ал Европа Биримдигинин кызматташуу комиссиясы Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө көрсөтмө берип, аны сырттан мажбурлабайт деген оюн билдирди:

- Биз келишимге ылайык маселелерди мажбурлап ишке ашыруудан алыспыз. Тескерисинче, бул маселелерди Кыргызстан тарап өздөрү чечүүсү зарыл. Негизинен бул жердеги проблемаларды чечүүдө саясий эрк керек. Биз болгону жумурияттын көйгөйлөрүн чечүүгө каржы жагынан, тажрыйба алмашуу жана кеп-кеңештен жардам көрсөтөбүз.

Анын маалымдашынча, жакында Бишкекте Европа Биримдигинин кызматташуу комиссиясынын өкүлчүлүгүнүн кеңсеси ачылат. Мурда эки тараптуу келишимге ылайык иш маселелер Брюсселде чечилсе, эми Бишкектеги өкүлчүлүктө жеке эле тышкы иштер министрлигинин эмес, башка министрликтердин, жалпы коомчулуктун маселелерин чечүүгө шарт түзүлөт, дейт Юул мырза.

XS
SM
MD
LG