Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

ТҮРКИЯ: БИЙЛИКТЕГИ ПАРТИЯ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАЙЛООДО ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ


Аким Өзгөн, Стамбул, Түркия Кечээ (жекшемби күнү) Түркийада жергиликтүү шайлоолор өткөрүлүп, бийликтеги Адилет жана өнүгүү партийасы ири жеңишке ээ болду. Бул ийгилик Кипр сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Швейцарияга аттанган Режеп Тайып Эрдоган үчүн чоң демөөр болгону айтылууда.

Европа Биримдигине (ЕБге) мүчө болуу жарайаны, Кипр тынчтык сүйлөшүүлөрү жана жалпысынан ‘кеңири Жакынкы чыгыш демилгеси’ сыйактуу орчундуу окуйалардын тушунда Түркийада кечээ өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоолордо бийликтеги Адилет жана өнүгүү партийасы (АКП) жалпы добуштардын 43 пайызын алуу менен ири жеңишке жетишти.

2002-жылдын нойабр айында өткөрүлгөн жалпы шайлоолордо 34 пайыз добуш алып бийликке келген Адилет жана өнүгүү партийасынын, кыскартып аталып жүргөндөй «Акпартийанын» бир жарым жылдай убакыттан кийин добуштарын 10 пайызга арттырып, ушундайча ири жеңишке жетүүсүн сайасий байкоочулар өкмөттүн өлкөдө жүргүзүп келе жаткан кайтарымдуу каржылоо сайасатына байланыштырып жатат. Айрым серепичлердин оюнча, өкмөттүн бул жеңишин Евробиримдикке мүчө болуу жана Кипр жаңжалын биротоло чечүү жарайанында шайлоочулардын өкмөт жүргүзүп келе жаткан чечкиндүү жана кайраттуу сайасатына берген ишеним катары баалоого болот.

Бийликтеги Акпартийа, ушу тапка чейин келип түшкөн шайлоо натыйжаларына ылайык, өлкөнүн Истанбул, Анкара жана Адана сыйактуу ири шаарларында (метрополдорунда), ошондой эле, башка ири шаарлардын жана шаарчалардын дээрлик басымдуу көпчүлүгүндө бүргермейстердик (шаар башчысы кызматы үчүн) жарыштарда жеңген тарап болду жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кеңештеринде үстөмдүккө ээ болуп калды.

Шайлоолордун алгачкы натыйжасы аздыр-көптүр аныкталып калгандан кийин басма сөзгө майек курган Акпартийанын төрагасы, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган өз партийасынын жеңиши анын жоопкерчилигин ого бетер арттыргандыгын айтты: “Биз бул жоопкерчиликти алып жатып, элдин мүдөө-максатын коргоого ант ичкенбиз”.

Эрдоган мырза бүгүн Кипр аралын кайра бириктирүү максатын көздөгөн Швейцарийадагы сүйлөшүүлөрдүн эң эле чечүүчү соңку бөлүмүнө катышуу максатында бул өлкөгө келди. Burgenstock аталган курорттук шаарга кипрдик гректер менен кипрдик түрктөрдүн жетекчилеринен тышкары Грекийанын премьер-министри Костас Караманлис жана Кипр тынчтык планынын архитектору, БУУнун башкатчысы Кофи Аннан дагы келди.

Башкатчы Аннан тараптарга өзүнүн адегенде Нью-Йоркто, андан соң Кипрде талкууланган планынын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жаңы редакцийалык вариантын таркатты. Түпнускасы 150 барактан турган, ошондой эле тиркемелери менен биргеликте 9000 баракка жеткен бул жаңы документ Кипрдеги түрк жана грек жамааттарынын лидерлери, Грекийа менен Түркийанын премьер-министрлери жана БУУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда 31-марттын түн ортосуна чейин талкууланмакчы. Анда жактырылган корутунду келишимдин тексти, керек болсо башкатчынын кошумча толуктоолору киргизилген түрдө, апрел айында Кипрдеги эки жамаатта элдик референдумга койулат.

Белгилүү болгондой, БУУнун сүрөөнчүлүгү астында жүргүзүлүп келген Кипр тынчтык сүйлөшүүлөрү мынан бир жылдай мурда токтолуп калып, жакында Давосто өткөрүлгөн эл аралык экономикалык шерине учурунда Түркийанын өкмөт башчысы Эрдогандын башкатчы Аннанга кайрылып сунуш кийирүүсүнөн кийин кайра жанданды. «Аннан планы» аталган бул долбоордун негизинде сүйлөшүү марафонунун алгачкы айлампасы Кипрде, грек жана түрк жамааттарынын лидерлери Пападопулос жана Денкташтын ортосунда башталып, 22-март күнү эч кандай бир натыйжа бербей, Швейцарийага которулду.

40 жылдан бери чечиле албай келген, ошондой эле, дүйнөдөгү эң эле татаал жана узакка созулган жаңжал катары сүрөттөлгөн Кипр маселесин чечүү жарайанында Түркийада парламентте басымдуу көпчүлүк орунга ээ Акпартийанын башкаруучу өкүмөтү Түркийанын ЕБге мүчө болуу жарайанындагы сайасий реалдуулуктарды да эсепке алуу менен, кыйла жеңилдиктерге барып, ички сайасий динамикалардан алып караганда, кыйла тобекелдүү кадамдарды таштады.

Бул болсо, өз кезегинде, Түркийада оппозитсийанын жаалданып өкмөткө чабуул койуусуна, ошондой эле, АКШ жана ЕБнин курулай убадаларына алдырып, Кипрди сатып жаткандыкта өкмөттү айыптоосуна себеп болду. Ички сайасаттын ушундайча чийеленишкен кырдаалында жекшемби күнү өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоолордогу чоң жеңиш берген кошумча дем-шыкакка шыктанган премьер Эрдоган Швейцарийага колу мурдагысынан кыйла күчтүүрөөк болуп келди. Ал Анкара аба майданында өткөргөн басма сөз жыйынында “сүйлөшүүлөргө чын ыкыластуулук жана жаңжалды чечүүгө чын дилден чечкиндүүлүк менен барып жаткандыгын» билдирди.

Бирок, ошол эле учурда, Түркийанын өкмөт башчысы түрк тарап көрсөткөн жакшы санаалуулук жана чын ыкыластуулук грек тараптан да күтүлөөрүнө үмүтүн билдирди. Эрдоган мырза бул сүйлөшүүлөрдө ‘жетишилчү келишим ЕБнин баштапкы укугу’, тактап айтканда, ‘биринчилик укук’ макамына ээ боло тургандыгы жөнүндө Алманийа (Германия), Британийа жана Францийанын өкмөт жана мамлекет башчылары менен көрүшкөндө талкуулагандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG