Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

ГРУЗИЯДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО М.СААКАШВИЛИНИН ПАРТИЯСЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ


Кубат Оторбаев, Прага 28-мартта – жекшембиде Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Алгачкы жыйынтыктарга караганда, шайлоочулардын 80 пайызга жакыны президент Михаил Саакашвилинин “Улуттук кыймыл партиясын” колдоду. Ошол эле маалда оппозиция добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары бурмаланды деген нааразылыгын айтууда.

Шайлоо добуш берүүчүлөрдүн үчтөн бир бөлүгү келгенде өттү деп эсептелет. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын дүйшөмбүдөгү маалыматы боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 68 пайызы катышты.

Алгачкы санактар көргөзгөндөй президент Михаил Саакашвилинин “Улуттук кыймыл” партиясын шайлоочулардын 77 пайызы колдогон.

Грузия парламенти 235 депутаттан турат. Былтыр 2-ноябрда өткөн шайлоодо ага 85 депутат тикелей тандоо жолу менен шайланып калган болчу. Калган 150 орун партиялык тизме менен толукталмак. Бирок шайлоодо Эдуард Шеварнадзе башында турган “Жаңы Грузия” партиясы биринчини алды делгени менен, оппозиция шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды, добуштар жасалды деп чыккан. Бул карама –каршылык “жибек төңкөрүшү” менен - президент Э.Шеварнадзенин отставкасы менен аяктаган.

Жекшембидеги жаңы шайлоо көргөзгөндөй - партиялык тизме менен шайланган 150 депутаттын көбү эми азыркы президент М.Саакашвилинин саясатын колдогондор болмокчу.

Ошол эле учурда солчул Жумушчулар партиясы шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деген билдирүү менен чыкты. Аталган партиянын өкүлү Гела Данелия бул жолку добуш берүүлөр 2003-жылдын 2-ноябрындагыдай эле ыплас жол менен өттү, өлкөдө эч нерсе өзгөрбөптүр деген нааразылыгын билдирди. Данелиянын айтымында, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо жагынан азыркы президент М.Саакашвили мурдагы президент Э.Шеварнадзеден ашып түштү.

Шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолуп өткөнүн курамына Улуттук демократиялык партия кирген коалициясы да белгилеп атат. Добуш берүүлөр бурмаланганын атургай өнөр жайчылардын укуктарын коргогон блок дагы айтып жатат.

Аталган партиялардын өкүлдөрү дүйшөмбүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында пикет өткөрүштү. Алар добуштарды кайра саноону талап кылышууда. Оппозиция Грузиянын жогорку сотуна шайлоонун жыйынтыктарын текшерип, акыйкат баа берүү өтүнүчү менен кайрылганы жатат.

Бирок Европа биримдигинин шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөгөн тобунун жетекчиси Матиаш Эорши бул шайлоо ноябрдагыга караганда жакшы эле өттү деп билдирди.

Жекшембиде Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Зураб Чиаберашвили айрым шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар катталганы менен, негизинен добуш берүүлөр дурус өттү деген болчу:

- Шайлоо өз нугунда өттү. Шайлоонун жалпы жыйынтыктарына таасир көрсөтө тургандай одоно мыйзам бузуулар катталган жок.

Оппозициянын токо-наалат сынына президент М.Саакашвили да өз жообун жекшембиде айткан болчу. Грузин өлкө башчысы шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган жок, оппозициянын аз добуш алып калышы акыркы төрт айдагы окуялардын жыйынтыгы деп билдирди:

– Чынымды айтайын - оппозициянын парламенттен аз орун алып калганына кубанган деле жокмун. Эгер алар көп добуш алса – бул менин партиямдын ынтымагын чыңдамак. Бирок бул – реалдуу турмуш, жибек төңкөрүшүнөн кийинки реалдуулук.

Интерфакс агенттигинин жазганына караганда, Ажарияда
бул автономиянын жетекчиси Аслан Абашидзенин “Демократиялык кайра жаралуу биримдиги” шайлоочулардын 55 пайызынын добушун алды. Бирок Аслан Абашидзенин партиясы 7 пайыздык чекти багындыра албай калганы да бышыкталды. Грузиянын мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын кеминде 7 пайызынын колдоосуна ээ болгон партия гана парламенттен орун ала алат. Ошентип А.Абашидзе өзүнүн парламент аркылуу грузин-ажар мамилесине таасир көрсөтүү күчүнөн тайыды дешет талдоочулар.

Еврокеңештин парламентти Грузин бийлигине 7 пайыздык чекти төрт же беш пайыздык чек кылып, эрежени жумшартууну сунуш кылган. Бирок М.Саакашвили өткөн күздө парламентке келгендердин жарымынан көбү ансыз да оппозициянын өкүлдөрү экенин айтып, 7 пайыздык чекти өзгөртүүсүз калтырган.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына караганда, партия, блок, биримдиктер арасынан азырынча М.Саакашвилинин партиясынан тышкары бир да партия 7 пайыздык чекти багындыра алган жок.

XS
SM
MD
LG