Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ПАКИСТАН МЕНЕН ООГАНСТАНДЫН ЧЕК АРАСЫНДАГЫ АСКЕРИЙ ОПЕРАЦИЯ СОҢУНА ЧЫКТЫ


Бүгүн (дүйшөмбүдө) Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү генерал-майор Шавкат Султан АФП агенттигине билдиргендей, Ооганстан менен чек арага жакын жерде өткөн аскерий иш-чаралар расмий түрдө аяктады, бирок талиптер менен “ал-Кайиданын” согушчандарын жок кылуу аракеттери улантылып жатат. Ал аралыкта урду тилинде чыгуучу бир басылма март айынын орто ченинде талиптердин жетекчиси молдо Омор оор жаракат алганын жазып чыкты. Азырынча бул жоромол тастыктала элек.

Бүгүн “Аусаф” гезити Жаббар Азиз деген дарыгерге шилтеме берип, жакында АКШ аскерлеринин Забул вилайетиндеги бомбалоосунан молдо Омор жарадар болгонун, анын төрт жан жоокери окко учканын маалымдады.

Азиздин айткандарына караганда, Омордун эки буту менен денесинин сол жагы жабыркагандыктан, ал кеминде эки ай эч жакка жыла албайт.

Бул басылма Ооганстанда терроризмге каршы согуш баштала электе эле “ал-Кайиданын” жетекчилиги менен жакшы байланышы бар гезит катары белгилүү болчу.

Дарыгердин дагы бир маалыматына караганда, 1980-жылдары советтик аскерлерге каршы күрөшү менен белгилүү талиптердин башка бир лидери чабуулдан аман калган. Арийне, гезиттин бул кабары башка булактар тарабынан тастыктала элек.

Ал эми Вазиристан вилайетинде Пакистан армиясы өткөргөн аскерий иш-чара маалында 60ка жакын жоочу жок кылынып, 162дейи колго түшүрүлдү. Алардын жарымынан көбү - чет элдиктер. Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү генерал-майор Шавкат Султандын “Ройтерге” берген маалыматы боюнча, иш-чарада ошондой эле 50дөй жоокер менен карапайым киши набыт болду.

Генерал “согушчандардын калгандары качып жүрөт, бирок биз алардын артынан сая түшүп издейбиз. Аларга кайрадан топтошууга мүмкүнчүлүк бербейбиз”, - деп билдирди.

Мындан 12 күн илгери башталган аскердик чара үчүн Исламабад өкмөтү Ооганстан менен чектеш аймакка 50 миңдей аскер жиберген.

Генерал Султандын айтымында, “ал-Кайиданын” ана башы Усама бин Ладендин Ооганстандагы шериги, теги өзбек Тахир Юлдашевдин дагы Вазиристандын чытырман токойлорунда жашырынып жүрүшү ыктымал. Бирок өзбек жоочусунун жарадар болгондугу жөнүндөгү маалыматты Султан бышыктай алган жок. Эсиңиздерге сала кетели, жакында Юлдашев Вазиристанда туткундалды деген жоромол да айтылып, бирок тастыкталган эмес.

Юлдашевдин кармалышы Пакистан президенти Первез Мушарраф үчүн чоң жеңиш катары бааланышы мүмкүн. Мушарраф өткөн декабрда анын өмүрүнө болгон кол салуу аракеттеринин артында “ал-Кайида” турат деп санайт.

Исламабаддын соңку аскерий иш-чарасына америкалык чалгынчылар да көмөктөштү. Бин Ладендин Юлдашев өңдүү санаалаштарынын колго түшүрүлүшү Вашингтон үчүн да чоң жетишкендик болоор эле.

“Өзбекстандын ислам кыймылы” аттуу уюмдун лидери Юлдашев 1999-жылы Ташкенде болгон жардырууларды уюштурган деп айыпталып, сыртынан өлүм жазасына кесилген.

2002-жылдын жазында Ооганстандагы каршылык көрсөтүү иш-чаралардын башында да Юлдашев турган деген божомолдор бар.

Борбор Азиядагы Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу секулярдык өлкөлөрдүн өкмөттөрү Өзбекстан ислам кыймылынын таш-талкан болушуна кызыкдар экени да түшүнүктүү.

Жакында АКШ “ал-Кайида” менен талиптердин ана башыларын кармоо үчүн Ооганстандын түштүк чыгыш вилайеттерине кошумча 2 миң жоокер жиберген. Буга чейин Ооганстанда эл аралык анти-террордук коалициянын 13 жарым миң аскери жайгаштырылган болчу.

XS
SM
MD
LG