Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

ЖАҢЫ МИНИСТРЛЕР ӨКМӨТКӨ ЖАҢЫ ДЕМ КОШО АЛАБЫ?


29-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы ишин улантып, президент тарабынан бекитүүгө сунушталган өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин талкуулады. Адегенде премьер-министр Николай Танаев биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиевди биринчи вице-премьерлик министрлик кызматка дайындоого макулдук берүүнү депутаттарга сунуштады.

Николай Танаев К.Жумалиевдин талапкерлигин сунуштагандан кийин депутаттар, бардык сунушталып жаткан талапкерлерге суроолорун берип, андан кийин аларга жашыруун, бюллетен салуу менен добуш берүүнү чечти. Анын ичинде Эсеп палатасынын төрагалыгына сунушталып жаткан Дамир Өскөмбаевдин талапкерлигин да жаңы өкмөт мүчөлөрү менен катар карап көрүү жактырылды.

Андан кийин ар бир талапкер депутаттардын алдына чыгып, алардын суроолоруна жооп берди.
Биринчи-вице-премьер-министрликке сунушталып жаткан Кубанычбек Жумалиевдин талапкерлигин көпчүлүк депутаттар колдогон менен, депутат Муратбек Мукашев бир катар курч суроолорун берип, биринчи-вице-премьерлик кызмат менен транспорт жана коммуникация министрлигин бир убакта аткаруу Конституцияга каршы келээрин айтып, эгерде палата Жумалиевдин талапкерлигине макулдук берсе Конституциялык сотко кайрылаарын билдирди.

К.Жумалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, быйыл Бишкек-Ош жолун оңдоонун үчүнчү бөлүгү башталаарын айтып, кыргыз-кытай темир жолун куруу боюнча буларды маалымдады:

- Бүгүнкү күндө Кытай тараптан 20 миллион юань, биздин бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча алдын ала изилдөөлөр бүттү. Аны үч өлкөнүн өкмөттөрү изилдөөдө. 256 чакырым келген жол курулушуна мурда айтылгандай бир нече миллиард эмес, 800 миллион доллардан ашык каражат кетээри болжолдонуп жатат.

Андан кийин, премьер-министр вице-премьер-министрлик кызматка Уларбек Матеевди дайындоого макулдук берүү маселесин койду. Бул талапкерге да жакырчылыкты кыскартуудан тартып айылдарда электр энергиясын жапырт өчүрүү маселесине чейин суроолор берилди. Маселен, электр энергиясына жакын арада тариф көтөрүлөбү деген суроого Матеев минтип жооп берди:

- Апрелде да, майда да тариф өзгөрбөйт.

Анын айтымында, жаңы кызматта ал бюджеттин адилеттүү бөлүнүшү, жакырларга даректүү жардам берүү багытында иш жүргүзөт. Матеевдин пикиринде, бир уй же бир миң сом берүү менен бир адамды жакырчылыктан чыгаруу мүмкүн. Ал үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүү зарыл. Бул талапкерге суроолор берилип бүткөндөн кийин депутаттар билим берүү министрилигине Мустафа Кидибаевди дайындоого макулдук берүүнү карай башташты. Бирок тийиштүү комитет тарабынан анын талапкерлигин июнь айындагы сессияга калтыруу сунушталганын жана ал чечимди колдооорун премьер-министр Николай Танаев билдирип, мындай кадамын Кидибаевдин депутаттарга анча белгилүү эместиги менен түшүндүрдү.

Бирок талаш-тартыштардын жыйынтыгында депутаттар 21 добуш менен Кидибаевдин талапкерлигине макулдук берүүнү күн тартибине киргизишти.

Андан кийин Амангелди Муралиевди экономика, өнөр жай жана соода министрлигине дайындоого макулдук берүү маселесине кезек жетип, бул маселеде депутаттар бир пикирдүүлүктү көрсөтүп, А.Муралиевдин талапкерлигин колдоп чыгышты. Ал жаңы министр катары өнөр жайын көтөрүүнүн үч жолун көрүп турганын мындайча билдирди:

- Негизинен биз үч маселени карашыбыз зарыл. Биринчиден, инвестицияларга жол беришибиз керек, экинчиден, айыл чарба тармагында кайра иштетүү жагына көңүл буруубуз абзел. Үчүнчүдөн, салык системасына кайра кайрылуубуз керек. Себеби салык системасы көп тоскоолдуктарды жаратып, ишкериликке бут тосууда.

Андан соң палата мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитет төрагалыгына Равшан Жээнбековду дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бирок регламентке ылайык танапис башталгандыгына байланыштуу добуш берүү 30-мартка калтырылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG