Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

НИКОЛАЙ БОРДЮЖА КЫРГЫЗСТАНДА


Бүгүн (30-мартта) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ)баш катчысы Николай Бордюжа өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө июнь айында Казакстан борбору Астанада боло турган Жамаатты коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Президент Аскар Акаев менен жолугушуудан чыккан ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга сапарынын максаты тууралуу буларды билдирди:

- Менин сапарымдын максаты июнь айында Астана шаарында боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясына даярдык көрүү болду. Сессиянын алдында мен Кыргызстандын президенти менен жолугушуп, сессиянын күн тартибине кире турган маселелер менен президентти тааныштырайын дедим. Астана саммиттинин алдында ЖККУнун тышкы иштер, коргоо министрлеринин, коопсуздук кеңештердин катчыларынын кеңештеринин жыйыны болот. Бул жыйындарда карала турган негизги маселе, уюмга кирген мамлекеттердин мыйзамдарын бир калыпка салуу, терроризмге жана баңгизаттарын ташууга каршы күрөш.

Ал президент менен жолугушууда ар кыл маселелер боюнча жүргөн талкууга канааттанганын билдирди.

"Жолугушууда Өзбекстандагы кырдаал талкууландыбы?" деген суроого Бордюжа минтип жооп берди:

- Азырынча талкуулай турган нерсе жок. Болгону факты гана бар. Бирок менин айтаарым, Өзбекстандагы жардыруулар терроризм күч алып баратканынын белгиси. Ал эми ага каршы эларалык коомчулук көргөн чаралар натыйжалуу болбой жатат. Ошондой болсо да, биз биргелешип, натыйжалуу чараларды көрүү менен террордун мизин майтара алабыз.

"Өзбекстандагы кырдаалга байланыштуу Канттагы аба базасы чыңдалабы?" деген суроого Бордюжа акыркы окуялар кооптонууну жаратканын, бирок ага чейин эле Канттагы базаны чыңдоо планы болгонун, ал эми Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу куралдуу күчтөрдүн эмес, атайын кызматтардын аракетин күчөтүү зарыл деген оюн билдирди.

Коңшу мамлекеттеги окуялар жана Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов буларды билдирди:

- Бул маселе боюнча биздин атайын кызматтар менен өзбек кызматтары ургаалдуу кызматташууну башташты. Биздин чегара кызматтары күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Анткени ал тараптан бизге качып өтүүлөр болушу ыктымал. Мындай качып өтүү 1999-жылы болуп, биз айрым террорчуларды Бишкектен кармаганбыз.

Николай Бордюжанын айтымында, ал президент Аскар Акаев менен жолугушуусунда Шанхай кызматташуу уюму менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө да маалымат берип, эки уюм өзгөчө коопсуздук багытында тыгыз кызматташуусу зарыл экенин белгилеген. «ЖККУнун эң башкы өнөктөшү Евразия экономикалык шериктештиги», деген Бордюжа, «ЖККУ - бул коопсуздук боюнча, ал эми Евразия экономикалык шериктештиги - экономика жаатындагы уюм. Ошондуктан эки уюм, анын ичинде Шанхай кызматташуу уюму биргелешип иштеши керек жана андай аракеттер бар», деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG