Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

ЖАКЫН АРАДА ЖАСАЛМА ӨМҮР ПАЙДА БОЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага "Чикаго трибюн" гезити 29-мартта жазып чыкканга караганда, америкалык окумуштуулар жасалма өмүр жаратуу алдында турат жана маселе үстүндө азыр АКШда жүздөн ашык атайын лаборатория иштеп жатат.

Гезиттин илимий баяндамачысы Роналд Котулактын айтымында, келерки беш-он жылдын ичинде биринчи жасалма жандыктар пайда болот. Маселени изилдеген "ПротоЛайф" аттуу алгачкы компанияны негиздеген физик Норман Паккарддын пикиринде, андай алгачкы жандыктар көзгө көрүнгүс биороботтор болот жана аларды, мисал үчүн, адамдын кан тамырына киргизип, аларга - канга сайылган дарыны талаптуу жерге жеткирүү же кан тамырдын бузулган жерлерин оңдоп-жамоо тапшырмаларын берсе болот.

Жандуу заттардын эң негизги айырмасы - алар өз алдынча жашап, айлана-чөйрөдөн обочолонуп бөлүнүп турат жана чөйрөгө жараша өзгөрө алат. Экинчиден, алар белгилүү ченемде өзүнө тийген зыянды жоюп, жок кылууга жөндөмдүү. Мисал үчүн, адам колун кесип алса, ал жерден чыккан кан бир аздан кийин уюп токтойт жана кийин жаракат бүтөлүп, жаңы тери чыгат. Ошондой эле көрүнүштү жаныбарлардан же бак-дарактардан да көрсө болот, бирок таш же айнек анте албайт. Жандуулардын дагы бир өзгөчөлүгү - алар айлана-чөйрөдөн өзүнө талаптуу нерсени алып, аларды иштетип чыгып, өмүрдү улантуу үчүн пайдаланат, керексиз нерселерди болсо сыртка чыгарып таштайт.

Америкалык окумуштуулардын айтымында, аталган үч өзгөчөлүккө тең өз алдынча ээ нерселер азыркы учурда лабораторияларда жасалма түрдө өндүрүлдү жана эми аларды бириктирүү гана калды. Жандуу заттын эң жөнөкөй бөлүгү - уяча, андай уячанын ичинде кызуу турмуш бар. Уяча мембрана менен айланадан бөлүнүп турат жана ал мембрана аркылуу керектүү заттар ичке кирип, иштетилгенден кийин керексиз нерселер сыртка чыгарылып турат.

Бул жараяндын баары өз убагында аткарылып туруш үчүн уячанын ар башка бөлүктөрүнө талаптуу буйруктар берилип туруш керек жана ал милдетти гендер аткарат. Гендер РНК жана ДНК аттуу татаал молекулаларга биригет жана жандыктардын өмүрү тууралуу маалымат ошол молекулаларга жазылган. Жандуулардын эң негизги өзгөчөлүгү - тукум жаратып, өмүр улантуу мүмкүнчүлүгү дагы гендердин жоопкерчилигинде.

Окумуштуулар азыр лабораторияда миллиарддаган РНК молекулалары менен иштеп, алар өзүнө окшош бөлүктөрдү жаратканга жетишти жана жакын арада өз алдынча жашап кете алган уяча да жасалышы мүмкүн.

Мындай изилдөөлөр кээде моралдык жана диний тоскоолдуктарга такалууда. Диний жетекчилер - өмүр жаратуу кудайдын гана колунда болууга тийиш десе, кээ бир саясатчылар жана окумуштуулар - адам колунан жаралган өмүр кийин көзөмөлдөн чыгып кетсе, ал кандай коркунучка алып келээрин боолгоп билүү мүмкүн эмес деген пикирде. Жасалма өмүр жаратуу багытында иштеген илимпоздордун айтымында болсо, колго жасалган уячалар - табийгатта табылбаган заттардан туруп, башынан тартып ошолорго көз каранды кылынса, алар адам көзөмөлүнөн чыга албайт.

Экинчи жагынан, адамга же башка бир жаныбарга тете жандыктарды жаратуу азырынча өтө эрте жана азыр жөн гана биороботторду жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Атактуу Лос-Аламос лабораториясынын кызматкери Стин Расмуссендин пикиринде, биороботторду куруу илимий жагынан жоктон отту жаратуу же атомду бөлүп, өзөктүк кубатка ээ болуу ачылыштарынан айырмаланбайт.

Мындан кырк жыл мурда АКШда жасалма өмүр маселесинин үстүндө онго жакын лаборатория иштесе, азыр алардын саны жүздөн ашты жана кээ бир илимий топторго башка өлкөлөрдөн чыккан таланттуу илимпоздор чакырылып, алардын саны көбөйүүдө.
XS
SM
MD
LG