Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

БЕРЛИНДЕ ООГАНСТАНГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЖАГДАЙЛАРЫ ТАЛКУУЛАНЫП ЖАТАТ


Бүгүн (шаршембиде) Берлинде донор-мамлекеттердин Ооганстан боюнча конференциясы башталууда. Аны утурлай НАТОнун Ооганстандагы жарандык жетекчиси Хикмет Четин өлкөгө көбүрөөк экономикалык көмөк көрсөтүүгө үндөдү. Анын айтымында, каржылык жардам Ооганстанга фундаментализм жана экстремизмден арылууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Түркиянын мурдагы тышкы иштер министри Хикмет Четиндин НАТО менен коалиция мүчөлөрүнө болгон кайрылуусунун логикасы өтө жөнөкөй – Ооганстанга канчалык көбүрөөк жардам берсеңер, ошончолук тезирээк өлкөдөн чыгып кетесиңер.

Дүйшөмбүдө Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Четин Берлин конференциясынын катышуучулары Ооганстанга олуттуу экономикалык жардам көрсөтүүнү негизги максат кылууга тийиш деди.

Кабул өкмөтү реконструкция иштерине жакынкы 7 жыл үчүн 28 миллиард доллар талап кылынат деп билдирди. Четин бул сумма өтө эле чоң болуп көрүнгөнү менен, ал эң муктаж деген тармактарга сарпталса, өзүн актайт деп ишенээрин ырастады:

- Менин пикиримде, бул каражат Ооганстандагы ири аскерий чыгымдарга караганда алда канча азыраак. 28 миллиард доллар стабилдүүлүктү, улуттук, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде тынчтыкты камсыздоого, эларалык коомчулуктун коргонуу чыгымдарын кыскартууга, террористтердин кол салууларына жана мыйзамсыз апийим өстүрүүгө бөгөт коюуга жумшалмакчы.

НАТОнун Ооганстандагы ролуна токтолуп, уюмдун өкүлү альянска жүктөлгөн вазийпа жогору болгондуктан, ал саясий жана аскерий жааттагы аракеттерин уланта берүүгө тийиш деди. Мындан тышкары НАТО аймактык жана жергиликтүү аскер башчылар менен тил табышуунун стратегиясын иштеп чыгышы зарыл. Бул үчүн борбордук өкмөттүн вилайеттердеги таасирин күчөтүп, аларды негизги саясий жараяндарга аралаштыруу багытында иш алып барыш керек.

Альянстын өкүлүнүн баамында, негизги проблемалардын бири – өлкөдөгү лашкерлерди куралсыздандыруу болуп эсептелет. Аны чечүү үчүн Четин Кабул өкмөтүнүн мүчөлөрү жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү менен атайын жолугушууларды өткөрдү.

- Биз бул процессти тездетүү керектигин баса белгиледик. Маселен, ушул июнга чейин лашкерлердин 40 пайызы толугу менен резервге жиберилет. Бул – биринчи баскыч болмокчу.
Жараяндын экинчи фазасы – июнда башталып, сентябрдагы шайлоого чейин уланат. Ал эми акыркысы – эмки жылдын июнунда аяктоого тийиш
.

НАТОнун Ооганстандагы жогорку өкүлү өлкөнү стабилдештирүү процессинде кошуна мамлекеттердин ролун да белгиледи:

- Коопсуз жана туруктуу Ооганстан алардын кызыкчылыктарына дал келээрин коңшу өлкөлөр эми түшүнүп жаткандыр. Мен Кабулда Иран, Пакистан элчилери менен бир нече жолу жолуктум, Өзбек, Тажик, Кытай, Түркмөн элчилери менен да сүйлөшүү өткөрдүм. Биз алардын колдоосуна муктажбыз. Анткени, мен алдыда айткандай, эгемен, суверендүү жана демократиялуу Ооганстан жалгыз Ооганстанга гана эмес жалпы аймакка, бүтүндөй дүйнөгө керек.

XS
SM
MD
LG