Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ТЕРАКТТАРДАН КИЙИН ОШТО КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ


Кожогелди Култегин, Ош шаары Өзбекстандагы террордук жардыруулар Анжиан, Фергана облустарына коңшу Ош облусунун эли-журтун да айрыкча кооптонтуп койду. Аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ош элинин кооптонуусу Өзбекстан менен ирегелеш жашагандан эле келип чыккан жери жок. Буга чейин Ошто маселен, 1998-жылкы "РАФ" автомашинасында, өткөн жылдын 8-май күнү "Бакай" банкынын филиалында жардыруулар болуп, адамдар каза табышкан. Алардын артында Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү турганы аныкталган.

Кечээ-жакында Ташкенде жана Бухарада пайдаланылган жардыргыч заттар да кудум эле өткөн жылы Ошто колдонулган жардыргыч заттарга окшош деген маалыматтар да айтылууда. Анын чын-бышыгын иликтөөлөр аныктаар.

Милициянын генералы, ардагер Мырзаалы Абдрахмановдун пикири боюнча, Өзбекстандагыдай жардырууларга жол бербеш үчүн эл да укук коргоо органдары менен бирге аракеттениши керек:

- Кечээки Ташкендеги, Бухарадагы жарылуудан 19 киши өлүп, 25 киши жарадар болгондон кийин ушундай сезимге келдим. Эл-журт билбеген, койбогон киши болбойт. Ошон үчүн силер менен биз бирге аракет кылып, жардырууга жеткирбей, анын алдын алыш керек.

Генерал Мырзаалы Абдырахманов сабак болоор окуяга байланыштырып, Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларына мындай сын-пикирин да билдирди:

- Өзбек, кыргыз, казак, тажиктин ортосунда зым тосуп, чегара кылып, жарыла турган миналарды койгондон көрө террористтер кайсыл жактан келе турган жерди тоспойсуздарбы.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары, полковник Эркин Эсеналиев Өзбекстандагыдай террордук жардырууларды эң ыплас согуш катары баалайт:

- Муну салыштырсак фашизмдин бир түрү болуп атат.

Полковник Эркин Эсеналиев андан ары сактануу иш чаралары кандай өткөрүлүш керектигине сөз тизгинин бурду:

- Биз укук коргоо органдары алдын ала иштерди кандай түзүшүбүз керек? Ар бир адам өзүн өзү сакташ керек. Ички иштер системасында көп кайрылуулар бар. Ош ички иштер башкармалыгында 3-4 анонимдүү телефон бар. Ошол жерге чалып, өзүнүн билген кабарларын айтса болот. Теледен айтып берип атат жардыруу заттардын кандай жасалганын. Алюминийдин порошогунан жасалат. Ошондуктан дүкөндөрдөн ким эмне алып атканын айтып, убагында бизге жеткирип турса, биз ошого чара көрөт элек. Азыр базарларда, театрларда, мечиттерде эл көп барган жерлерге текшерүү иштерин уюштура баштайбыз. Биздин эл милиция паспорт текшерип атат дегенден чочубашы керек.

Ош облустук мамлекеттик акимчилик башчысынын биринчи орун басары Мамажусуп Нышанбаев болсо премьер-министр Николай Танаевден коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча көрсөтмө кат келгендигин маалымдады:

- Ташкендеги, анан кийин Бухарадагы катар-катар жардыруудан кийин биздин өкмөт дагы республиканын коопсуздугун сактоо үчүн губернаторлорго өзүнүн жолдомо катын жөнөткөн. Мында биз өкмөттүн иш чарасынын негизинде, айрыкча базарларда, автобекеттерде, аэропортто, кинотеатрларда коопсуздукту сактоо боюнча иш чараларды көрүп жатабыз. Ошондой эле өзүбүздүн түштүк жактагы коңшулаш мамлекеттер менен чегараларда дагы көзөмөлдөр күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG