Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Табигый кырсыктарына байланыштуу кырдаал кооптуу


БИШКЕК. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнүн жер көчкү жүрүү коркунучу бар жеринде жайгашкан 14 үйдүн тургундары экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын бөлүктөрү тарабынан башка жактарга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Өткөн жылы бул райондо көчкү жүрүп, 38 адам каза тапкан. Жыл башынан тарта Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу 3 үй бузулуп, 29 үй бузулуу алдында турат. Акыркы үч айдан бери түзүлгөн өзгөчө кырдаалдардан 400гө жакын адам жапа чекти. Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин адистеринин текшерүүлөрүнө ылайык, учурда түштүк облустарда 85 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG