Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Дилдин маалымдоосуна караганда, бүгүнкү жыйында өлкөнүн аймагын улуттук телекөрсөтүү жана радио уктуруулар менен толук камсыздоо маселеси каралат. Андан сырткары экстремисттик маанайдагы адабияттардын таратылышы жана бүгүнкү күнгө чейин маалымат коопсуздугу жөнүндө концепциянын иштелип бүтпөгөндүгүнүн себеби да талкууланат. Азыркы учурда улуттук маалымат каражаттары өлкө аймагын толук камтый албайт дейт Валерий Диль:
- Бул кенемтени толтуруу үчүн каерге ретрансляторлорду орнотуу керектиги, кандай маселелерде чечүү керектигин жыйында көрсөтөбүз.
- Бул кенемтени толтуруу үчүн каерге ретрансляторлорду орнотуу керектиги, кандай маселелерде чечүү керектигин жыйында көрсөтөбүз.