Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:13

ПАРЛАМЕНТТЕ МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУНУН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНЫП ЖАТАТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна байланыштуу маселени карап жатат. Бул багыттагы иштер тууралуу депутаттарга биринчи вице премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев маалымат бермекчи.

Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Дилдин маалымдоосуна караганда, бүгүнкү жыйында өлкөнүн аймагын улуттук телекөрсөтүү жана радио уктуруулар менен толук камсыздоо маселеси каралат. Андан сырткары экстремисттик маанайдагы адабияттардын таратылышы жана бүгүнкү күнгө чейин маалымат коопсуздугу жөнүндө концепциянын иштелип бүтпөгөндүгүнүн себеби да талкууланат. Азыркы учурда улуттук маалымат каражаттары өлкө аймагын толук камтый албай жатат дейт Валерий Диль:

- Бул кенемтени толтуруу үчүн кайсы жерге ретрансляторлорду орнотуу керектиги, кандай маселелерде чечүү керектигин жыйында көрсөтөбүз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG