Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

БАТКЕНДЕ МУГАЛИМДЕР ИШ ТАШТАШТЫ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Акыркы эки күндөн бери Баткен облусунун борборундагы мектеп мугалимдери иш таштап, окуучуларга сабак берүүнү токтотуп коюшту.

Баткен шаарындагы Ленин жана Жоомарт Бөкөмбаев атындагы орто мектептердин мугалимдери 31-мартта башталган иш таштоону 1-апрель күнү да улантышты. Аталган эки мектеп тең облус борборундагы эң чоң мектептерден.

Эки мектепте жалпысынан 150дөй мугалим эмгектенет. Алардын иш таштоосуна жыл башынан бери эмгек акы албагандыгы себеп болгон. Жок дегенде эки айлык маянабызды төлөп бермейин иш таштоону уланта беребиз дешет мугалимдер. Аты-жөнүн атабоону өтүнгөн айрым мугалимдер мындай пикирлерин билдиришет:

- Биз үч айдан бери айлык албайбыз, ошон үчүн иш таштадык. Жашоо-шартыбыз аябай кыйын. Айлыктан башка караган эч нерсебиз жок. Шаардын өзүндө жашайбыз. Качан бизге жок дегенде эки айлык акыбызды берет, анан иштейбиз. Электрге, сууга, дет.садка акча төлөбөгөн ким - мугалим. Баардык мугалимдер ушунчалык тебелендиде калат. Эң төмөнкү даражадагы адам болуп калып атабыз.

- Иш таштоонун себеби 3 айдан бери бизге айлык бербейт. Айлык бербегендигинен айрымдары Россияга кетип атат, айрыкча жаштар. 25-30 жылдан бери иштегендер эми пенсия чыгабыз, биз каякка барабыз, эч жака бара албайбыз.

- Айлык акыбыз өтө аз, 200-300 сомдон алабыз. Аны дагы көбүнчө майрамдарга жыйнаганыбызда биз акча албай эле чыгып кеткен убактар болуп атат.

- Иш таштаганыбыздын себебин бүт облустун башкармалыгындагылар түшүнүшөт, билип эле турушат. Бирок айласын табышпайбы, же кандай, - түшүнбөйбүз. 2003-жылдан бери айлык толук берилбейт. Дагы мугалимдер чыдап жүрөбүз, - дешет Баткен шаарынын мугалимдери.

31-мартта облус губернаторунун орун басары Токто Илязова иш таштаган мугалимдер менен жолугушуп, аларды бир аз сабыр кылып турууга чакырган. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Ал эми 1-апрель күнү облус губернаторунун биринчи орун басары Замирбек Нурмухамбетов баштаган бийлик өкүлдөрү эки мектептеги мугалимдеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Нурмухамбетов каржы маселеси боюнча абалды түшүндүрүп, жакынкы күндө январь айы үчүн эмгек акы толук төлөнөөрүн, февраль айы үчүн эмгек акынын жарымын төлөп турууга аракет көрүлөөрүн билдирди. Губернатордун биринчи орун басары Замирбек Нурмухамбетов бул мселенин чоо-жайын бизге төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул жерде көп деле жашыра турган эч нерсе жок. Чындыгында, азыркы учурда облуста мугалимдердин айлык акысын төлөө жагы кечеңдетилип, кармалып жатат. Мунун себептери да бар. Биринчиден, жалпы эле облус боюнча мугалимдердин айлыгы республикалык бюджеттен бөлүнүүчү гранттын эсебинен төлөнөт 100 пайыз. Кандайдыр бир себептер менен республикалык борбордук казына бул акча каражатын бере албай келишкен. Январь айынын грантын эми толук алып, январь айынын айлыгы үчүн бүгүн 13 млн. сом алдык республикалык бюджеттен. Мугалимдер менен бүгүн да жолугушуу өткөрдүк, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бизден чечилүүчү нерселердин баарысын чечкенге аракет кылып атабыз, мугалимдер менен тыгыз байланыштабыз, - дейт губернатордун биринчи орун басары Замирбек Нурмухамбетов.

Ал эми облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги бул маселе боюнча биз менен маектешүүдөн караманча баш тартты. Облусттук финансы башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Өмүрзаков да эмгек акыга байланышкан мындай кырдаал тууралуу маектешүүдөн баш тартты. Бирок эки мектептеги мугалимдердин эмгек акысы январ үчүн толук бойдон, февраль айы үчүн жарым-жартылай акча райондук финансы бөлүмүнө ушул эле күнү которулганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG