БИШКЕК. Бүгүн өкмөт башчысы Николай Танаев Ысыккөл облусунда болуп, Тамчыдагы аэропорттун ал-акыбалы менен таанышты. Балыкчы-Каракече темир жолун жеринде көрүп, аны улантуу иштерин тийешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырды. Ал ошондой эле 16-апрелде Чолпоната шаарында өтүүчү КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу Чолпоната шаарынын даярдыгы менен таанышып чыкты. 16-апрелде Кыргызстанга КМШга мүчө 12 мамлекеттин өкмөт башчыларынын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.