Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТ «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙОТ


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мыйзамга кол коюу атайын уюштурулган азем менен коштолот. Ага саясатчылар, илимпоздор жана өлкөдөгү ар кандай улуттун өкүлдөрү чакырылып, президент Аскар Акаев мыйзамдын маани-маңызы тууралуу сөз сүйлөйт.

Мындан элүү күн мурун парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга карата коомдо карама-каршы пикирлер айтылып, талаш-тартыш жаралгандан кийин айрым байкоочулар президент мыйзамды Жогорку Кеңешке кайра кайтарышы мүмкүн деген ойго келишкен эле. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев мындай ойлордун орунсуз экендигин белгилөө менен, президенттин мыйзамга кол коюусуна төмөнкү жагдайлар негиз бергендигин билдирди:

- Эң негизгиси - президент парламент тарабынан кабыл алынган мыйзам Кыргызстандын Конституциясына жана өлкө элинин кызыкчылыгына дал келет жана Конституцияга карама-каршы болчу жоболору жок деген чечимге келди. Экинчиден, президент бир гана мыйзамды кабыл албай, ага кошумча мамлекеттик жана ырасмий тилди колдонуу тууралуу атайын жардыгын кабыл алууну сунуштады. Ал жардыкка ылайык мыйзам кагаз түрүндө калбайт жана тилдерди акысыз, өз ыктыяры менен үйрөнүүгө шарт түзүлүп берилет.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттар тобу аталган жардыкка да кол коюлуп, анын негизинде иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү мөөнөтү 2015-жылга калса, жардыкты жокко чыгаруу тууралуу Конституциялык сотко арыз жолдошоорун кабарлашты.

XS
SM
MD
LG