Шаршембиде жарыяланган санактарга караганда, президент Саакашвилинин блогу добуштардын дээрлик 67 пайызын жеңип алды. Эми бийликтеги альянс 150 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болду. М.Саакашвилинин партиясынан тышкары бир гана партия – оппозициядагы "Өнөр жайчылар блогу" 7 проценттик чектен өтө алды.
Абашидзенин партиясы болсо 6 пайызга жакын добуш алган.
Бирок былтыр ноябрда өткөрүлгөн шайлоодо Абашидзенин 7 тарапкери бир мандаттык округдардан жеңип чыккан .Алар депутаттык мандаттарын сактап кала беришет. Айта кетчү жагдай, Грузияда күзгү шайлоонун партиялык тизмелер боюнча гана жыйынтыгы жараксыз деп таанылган.
Ошентип, Абашидзенин партиясы Ажарияда олуттуу колдоого ээ болгону менен, парламентке кирбей калды. Шаршембиде жергиликтүү телекөрсөтүүдөн чыгып сүйлөп, Абашидзе референдум - ажар эли 28-марттагы шайлоодо кимди колдогонун даана көрсөтөт деди.
Тбилиси өкмөтү мындай референдум өткөрүлгөн күндө да ал мыйзамсыз болуп эсептелээрин эскертти.
Бул шайлоодо Абашидзеге 1991-жылдан бери алгачкы ирет уюшулган оппозициялык партия менен атаандашууга туура келди. “Биздин Ажария” партиясы Грузиянын борбордук өкмөтү тарабынан түптөлгөн.
Партиянын жетекчиси Тамаз Диасамидзе шайлоонун жыйынтыктары Абашидзенин бийлигине чекит коюлганын көрсөттү деп ырастады:
- Бул – чоң ийгилик. 12 жылдын ичинде биринчи жолу ажар оппозициясы демократиялуу жана калыс шайлоо аркылуу автономиянын бийликтеги ири партиясын жеңип чыкты. Биз Абашидзенин колундагы административдик жана каржылык ресурстарына карабай Ажариянын борборунда да утуп чыктык. Батуминин тургундары кылмышка малынган режимдин аякташы үчүн добуш беришти. Демократияны, сөз эркиндигин, борбордук өкмөттүн көзөмөлүнүн, мыйзамдуулук менен тартиптин орнотулушун тандап алышты.
31-мартта Грузиянын "Рустави-2" менчик телеканалына берген маегинде Аслан Абашидзе ырасмий Тбилисиге "шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады" деген кине такты. Анын айтымында, акыркы шайлоодо анын "Кайра жаралуу партиясы" экинчи орунду ээлеген.
Грузиянын борбордук шайлоо коммиссиясы болсо мыйзам бузуулар, тескерисинче, Ажарияда көп байкалганын билдирди.
Ажар парламенти менен А.Абашидзенин мандаты 2006-жылы соңуна чыгат. Бирок Грузиянын президенти М.Саакашвили автономиянын үстүнөн көзөмөл орнотуу үчүн ал мөөнөткө чейин күтпөй турганын ишара кылды. Дүйшөмбүдө президент өлкөнүн жаңы парламентинен Ажариянын коопсуздук министрлигин жоюуну өтүнөөрүн билдирди.
Грузин ырасмий өкүлдөрү автономиялуу коопсуздук күчтөрү өлкө конституциясына каршы келээрин белгилешүүдө.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Ажариянын Тбилисидеги өкүлүнө шилтеме берип, Абашидзенин 200дөй тарапкери борбордук шайлоо коммиссиясынын алдында пикет өткөрүп жаткан оппозициядагы "Жумушчу партиясына" кошулууну пландаштырып жатышат деген кабарды таратышты. "Жумушчу партия" жана "Өнөр жайчылар блогу" соңку добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деген нааразылыгын айтып келатышат.
"Рустави-2" телеканалы шаршембиде Абашидзенин жактоочулары Батумиге агылып, Тбилисиге карай жүрүшкө даярданып жатышканын маалымдады.